Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кармышаков Улукбек Тойчуевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.