Улан Сатаров: “Тергөөгө чейинки текшерүүгө берилген 20 күн коррупциянын булагы болуп калат”

861

Азыр Жогорку Кеңештин кароосунда жаткан жаңы Жазык кодекси жана Жазык-процесстик кодекси жооптон мурда көп суроолорду пайда кылууда. Айрыкча процессуалдык иштерге тиешеси бар өзгөрүүлөр адистердин арасында көп суроолорду жаратууда. Эгер азыр оперкызматкер же участкалык кызматкер кылмыш иши ЕРППга катталып, сотко чейинки кылмыш иши козголгондон кийин гана шектүү адамды чакыра алгыдай болсо, азыр жаңы кире турган кодекс боюнча оперкызматкерлер илгерки замандагыдай өзү билемдикке барыша турганы айтылып жатат. Башкача айтканда, ишти ЕРРПга каттабай туруп эле ички иштер бөлүмүнө адамды сүйрөп, ага кысым жасап, кармап анан кандайдыр бир кылмышты моюнга алдыруу аракети кайтып келет экен. Ушул боюнча белгилүү адвокат, эксперт Улан Сатаров түшүндүрмө берди:

 – Мунун бардыгы тергөөгө чейинки текшерүү деп аталган институттун кайтып келиши менен ордуна келип жатат. Бул тергөөчү кылмыш ишин козгоого чейинки иштер. Азыр иштеп жатканда Жазык кодексинен кылмыш ишин козгоо дегенди алып салуунун өзү чындыгында чоң кадам болгон. Бул ачыктык, кармалган адамдын укугун коргоодогу чоң кадам болчу. Мисалы, мага мурдагы 1997-жылдагы кодекс боюнча тергөөчүгө же прокурорго кылмыш ишин козгоо же козгобоо тууралуу берилген ортодогу кандайдыр бир убакыт дайыма эле түшүнүксүз болуп келген. Эгер жасалган кылмыш же даярдалып жаткан кылмыш иши тууралуу маалымат түшсө эле тергөөчүлөр иштеп башташы керек да. Мындай практика дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө иштеп келе жатат. Кылмыш жасалды деген маалымат түшөөрү менен тергөөчү беш күн же он күн дебей эле, кылмыш иши козголобу же жокпу дебей эле иштеп баштайт. Мында деле бардык мүмкүн болгон процессуалдык аракеттерди жасоого болот, телефонду угуу, тинтүү, документтерди алуу, сурак жүргүзүү иштери кадимкидей эле жүрө берет. Бирок булардын бардыгы иш ЕРППга катталгандан кийин жүрө баштайт. Башкача айтканда, кылмыш жасалгандыгы тууралуу белгилүү болуп, ал ЕРППга катталдыбы, болду, дароо иш башталат. Эгерде иштин жүрүшүндө бул иш жалган болуп чыкса, анда аны токтотуп коюуга болот, же дагы башка процессуалдык аракеттерди жүргүзө берүүгө болот.

Азыр прокуратура “тергөөчүдө тергелбеген, каралбаган 40 миң иш үйүлүп калды” деп  аргумент келтирип жатпайбы. Менин оюмча, алардын жарымында кылмыштын курамы жок болгондуктан ишти кыскартыш керек болчу. Анткени, ачыгын айтыш керек, биздин тергөөчулөр өздөрү чечим кабыл алгандан коркушат. Кокус алардын өзүндө кызыкчылык болсо, жарандык жагдайда карала турган ишти алар кылмыш ишине тез айлантып коюшат. Менин практикамда ушундай иштер болуп келе жатат. А негизи эле кылмыш ишинде прокурор менен тергөөчү биргелешип иш алып барышат, сотко барганда да прокурор айыптоо боюнча бардык жагдайларды билет.

Эми азыр сунуш кылынып жаткан кодекс боюнча абал мындай болгону жатат. Мисалы, бир адам жабырлануучу катары арыз жазды дейли. Арыз жазган адамдын арызы боюнча ишке 20 күн тергөөгө чейинки текшерүүгө убакыт берилип, жабырлануучу өзүнүн кандай статуста экенин билбей жүрө берет. Ушул 20 күндүн ичинде арыз жазган адамды тергөөчү же жабырлануучу же күбө катары сурай берет. Ага качан тергөөчү кылмыш ишин козгоо тууралуу токтом чыгаргандан кийин гана расмий статус берилет. Ал эми 20 күндүн ичинде тергөөчү тарабынан көп мыйзамсыз иштер болушу мүмкүн. Бул жерде иш атаандаштык мүнөздө да жүрбөй, күбө катары суралган адам менен жабырлануучу же шектүүнүн айырмасы болуп, бир топ иштер адамдын укугун коргоого эмес, тескерисинче басмырлоого багыт алышы толук мүмкүн.

Дагы бир жагдай, акыры келип эле кылмыш ишинин баары статистикага такалат. Мурда кылмыш иштеринин 80 пайызы ачылды деп биздин укук коргоо органдары отчет беришчү, бирок реалдуу иш мындай эмес да. Аябай өнүккөн, техникалык жабдуулары укмуш деген Батыш өлкөлөрүндө да ачылган кылмыш иштери болгону 50 пайызга гана жетет. А бизде 80 пайыз ачылды деп жалган отчет бергенге көнүп алышкан. Ошентип кылмышкерди табууга кыйынчылык жаралган кезде тергөөчүлөр кылмыш ишин козгобой кое тургандай мурдагы абалга келгени жатабыз. Мындай абал коррупциялык тобокелчилик да болуп эсептелет. Себеби 20 күн ичинде тергөөчү шектүү адамга кысым көрсөтүп, өзүнө гана пайдалуу чечим кабыл албайт деген кепилдик жок да. Кылмыш ишин козгоо керек, же козгобой эле коюш керек деп ар кандай иштерге барышы толук ыктымал. Мурдатан эле тергөөгө чейинки текшерүү деген иштер коррупциялык иштердин булагы экени белгилүү эле. Пара алуу, берүү да ушул кездерде болчу. Эгер азыркы иштеп жаткан кодекс жакпаса, анда тескерисинче, коррупцияга жол бербеген алдыга кеткен жолду издешсе болмок. Тилекке каршы, бизде андай болгон жок.

Ал эми азыркы иштеп жаткан кодекс боюнча кылмыш иши тууралуу арыз ЕРРПга катталган соң дароо эле жабырлануучу катары кабыл алынып, процессуалдык тиешелүү иштер жүрө баштайт.

0