Улан Ниязбековдун ишенимдүү кадамы, айрымдардын түн уйкусун буздубу?

919

Факты.кж гезитинин башкы редактору Тилек Рыскулов Фейсбук баракчасына ИИМ башчысы Улан Ниязбеков тууралуу кыскача пикирин жарыялады.

“Ички иштер министри, генерал-лейтенант Улан Ниязбеков башка министрлерге салыштырмалуу жакшы иштеп, рейтинги көтөрүлүп жатты эле. Бирок министрдин жакшы иштерин көрө албаган айрымдар, ар кандай жолдор менен каралоого аракет кылып жатышат. Алсак, акыркы күндөрү социалдык тармактарда аты-жыты белгисиз РИИБдин кызматкерлери өлкө башчысына кайрылган тоголок каты жарыяланды. Анда жазылгандар “жарымы төгүн, жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн” – дегендей эле жазылыптыр. Жакынкы күндөрү министрден акыркы убактагы ИИМдеги абал, өзгөрүүлөр, кемчиликтер боюнча кенен маек алганга аракет кылам. Кудай буйруса көп суроолорго чекит коюлат”. – деп жазган журналист.

PS: Аныгында, генерал Улан Ниязбеков ички иштер министрлигинин ишин жөнгө салып, алдыга жылдырып жатканы укук коргоо системасында жигердүү жүргүзүлгөн аракети экени ачык байкалууда. 

Министр болуп жаңы ишке киришкен убакта, “Ниязбеков ИИМ тармагын тартып кетүүгө жаштык кылат, министр болууга тажрыйбасы аз, биринчи орун басар болуп анан министр болсо болмок”, – деген сыяктуу сөздөр айтылып Улан Омокановичти сынга алгандар арбын болгон эле. Туура, ар-бир жарандын өз пикири бар. Бирөө билип айтат, бирөө билбей айтат а бирөө кимдир бирөөнүн тескери пикиринин негизинде сын айтат дегендей. Бирок, убакыттын өтүшү менен Улан Ниязбеков иш билги жетекчи, мыкты менеджер экендигин далилдеп келе жатат. Министрликти ичи-сырты менен өзгөртүүгө бел байлаган министр Омоканович башка министрлерден чечкиндүүлүгү менен айрымаланып, калыстыгы менен ИИМ жамаатынын мактоосуна арзып туру. Так айтканда ИИМ тармагын тескеген мурунку “карт бөрүлөргө” салыштырмалуу төөлүк өйдө иштеп атат, эй? “Эшигин көрүп төрүнө өт” демекчи, министрликтин имаратынын сыртынан бери жаңылап, жаңыча иш алып барууга кадам койгон Ниязбековго бали!

Албетте, азыр ар бир инсанга жагуу кыйын, кылдан кыйкым издеген коомдо жашап жаткан маалда Улан Омокановичтей болуп алкоого арзыш ар бир жетекчинин колунан келе бербейт. Ток этээрин айтканда министрдин иш алып барган жигердүү кадамдарынын жыйынтыгы жаман эмес…

Булак:Чындык.Медиа

0