Улан Ниязбеков: “Өрүкзарым Баткеним – жүрөгүмдүн тереңинде турасың…”

784

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Баткен облусунда орун алган чек ара тилкесиндеги коогадан соң иш сапары менен барып, аймактагы абал, облустагы коомдук тартипти сактоо ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолугушту. Иш сапардын изин улай министр мырзаны маекке тарттык.

— Улан Омоканович, Баткенге барып, жергиликтүү эл жана алардын коопсуздугунда турган милиция кызматкерлери, ички аскерлер менен жеринде жолугуп келиптирсиз. Кепти ушундан баштасак…

— Жакшы болот. Баткен облусуна болгон иш сапар алкагында Баткен районундагы Аксай, Көк-Таш айылдарында жана “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында, Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Интернационал, Арка, Жаштык, Борбордук, Жаңы-Жер айылдарында жергиликтүү эл менен жана ушул жакта кызмат өтөп жатышкан милиция, ички аскерлердин аскер кызматчылары менен жолугуштум. Аталган жолугушууларда Баткен облустук милициясынын башчысы Мурат Боронов, ИИМдин ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов чогуу болушту. 

Ал жерде кызматкерлердин күчөтүлгөн режимдеги кызмат өтөөсү, атайын бекитилген айылдардагы посттор, жол боюна коюлган блокпосттор, аларга түзүлгөн шарттар жана эл арасындагы жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштери, коомдук тартипти сактоодогу ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте жүргүзүп жаткан ишмердүүлүк менен кеңири тааныштым. Эң негизгиси, күчөтүлгөн тартипте ишмердүүлүктү улантуу боюнча кошумча тапшырмалар берилди.

Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жана бул айылда коомдук тартипти камсыз кылып кайгуулда жүрүшкөн милиция кызматкерлери менен жеринде жолугуп, баардык коомдук тартипти сактоо багытындагы маселелер колго алынып жаткандыгы жана ал маселелер чечиле тургандыгы тууралуу баарлаштык. Ошондой эле жергиликтүү тартип сакчыларынын иш алып баруусун арттыруу максатында 19-май күнү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнө жана Максат айылдык милиция пунктуна “Нива” үлгүсүндөгү 2 кызматтык унааны, ал эми Баткен РИИБне “Honda CR-V 2” үлгүсүндөгү кызматтык унааны бердик. Бүткүл кыргыз милициясы Баткен облусундагы милициянын жабаркаган иамарттарын, автомашиналарын жалпы эле Баткен облустук милициясын ар тараптан колдоо максатында бир күндүк айлык акыларын өз ыктыярлары менен которушту, атүгүл жүздөгөн ардагерлер да жардамдарын беришүүдө.

– Иш сапарда Тажикстан тараптын ИИМ өкүлдөрү менен да жолугушуу болуптур. Сүйлөшүүдө эмне маселелер козголду, жыйынтыктар кандай болду?

— Ооба, Баткен районунун аймагында Тажикстандын ички иштер министрлигинин Согдий облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, милициянын генерал-майору Абдулло Навджувонов жана Исфара ШИИБнин начальниги, милициянын полковниги Фердаус Шамадзаде менен дагы жолуктук. Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусундагы чек арага чектеш аймактарда абалды турукташтыруу, коомдук тартипти жөнгө салуу, ар кандай тартип бузууларга жол бербөө, коомдук тартипти биргелешип сактоо, жарандардын коопсуздугун сактоодо кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштуруу, ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо маселелери боюнча пикир алышып, коомдук тартипти камсыздоону күчөтүү максатында өз ара макулдашууларга жетиштик.

– Аталган окуяда ИИМдин ички аскерлеринин эрдиги да жалпыга маалымдоо каражаттарында даңазаланды. Бул окуяда аскерлерге жеткиликтүү көңүл буруу зарылчылыгы айгинеленди. Дегеле Баткен аймагындагы ИИМдин ички аскерлеринин абалы, имарат, техникалык мүмкүнчүлүктөрү туурасында иштер канчалык деңгээлде колго алынууда? 

— Туура белгиледиңиз. Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн «Шер» атайын багыттагы отрядынын өздүк курамынын ал кагылышуудагы каармандыгынан кеңири кабардармын. Чындыгында “Баатырды мезгил жаратат” деп айтылгандай, алар атайын даярданып, “баатыр бололу” дешкен жок. Алар болгону өздөрүнө коюлган милдеттерди так аткарышты. Мекенди коргоо – жоокердин милдети. Айыгышкан кармашта апкаарыбай душмандын мизин майтаруу, мекен үчүн керек болсо жанын берүү да жоокердин милдети. Ошол эле маалда мекен да өз коргоочуларын, өз баатырларын эч качан унутпашы керек. Аларга өз учурунда колдоо көргөзүлүп, тийешелүү сыйлыктар берилет.

Ал эми иш сапардын жүрүшүндө Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушун тез арада аяктоо керектигин тапшырдым. Буюрса, заманбап шарттагы бул имарат жоокерлерибизге ушул жылы бүткөрүлүп берилет. “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында болгонумда ИИМдин ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен жолугуп, кызмат өтөөнүн шарттары, жашоо турмушу менен жеринен тааныштым. Мындагы коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл бөлүү менен бирге стратегиялык объектиге керектүү аскердик заманбап материалдык-техникалык жардамдар да бериле турган болду.

Ал эми Кулунду айыл аймагынын Интернационал айылында жайгашкан ИИМдин ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын жаңыланган имараты толук кандуу ачылып, ишке берилди. 

 Улан Омоканович, өлкөдөгү башкы тартип сакчы катары айтсаңыз, бул кагылышууга кандай аныктама бересиз?

— Муну жөн гана чыр же коога деп айтууга болбойт. Анткени, 29-апрелде Тажик Республикасынын куралдуу күчтөрү тарабынан атайын даярдалган топтор тарабынан Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуулар болду. Бир эле учурда Баткен облусунун бир нече жерине, Аксай айыл аймагындагы Ак-Таш, Көк-Сай, Таш-Тумшук, Актатыр, Көк-Терек жана Кара-Бак айыл аймагында, Достук айылында, Көк-Таш айылында куралдуу кол салуулар болду. Ал Лейлек районунун Жаңы-Жер, Интернационал, Максат, Борбордук, Арка-1, Арка-2 айылдарында башталды. Ошол убакта Көк-Таш айылында болуп жаткан окуядан кийин Тажик Республикасы менен кесилишкен бүт жердеги жарандардын баардыгы эвакуацияланды. Ортодо ок атуулар болду. 1-майда эки мамлекеттин сүйлөшүүсүнөн кийин ок атуу токтоп, андан кийин тергөө топтору түзүлүп, жерине барып, тергөө амалдарын жүргүзө баштады.

Учурда абал туруктуу. Баткен облусундагы абал толугу менен көзөмөлгө алынып, 52 ыкчам-тергөө топтору баардык талкаланган жайларды карап чыгууну аяктап, келтирилген чыгымдардын да эсебин тактоого киришти. Ал эми милиция менен ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрүнүн коомдук тартипти сактоо багытында биргелешкен кайгуул топтору өз ишмердүүлүгүн улантууда.

– 52 ыкчам-тергөө топтору иштеп жатыптыр, тергөө иштери канчалык деңгээлде объективдүү жүрүп жатат?   

— Бул жакта жөнөкөй уруп-тоноо же бейбаштык сыяктуу эки тараптуу кылмыш эмес, бул жакта агрессия, куралдуу кол салуу болгону ачык көрүнүп атат. Биз буларды атайылап күнөөлөгөн жокпуз. Болгон маалыматты, далилдерди чогултуп жатабыз. Мисалга алып карасак, жөнөкөй тынч объект болгон мектепти, аймактык милиция бөлүмүн, дарылоо пунктун ар кандай реактивдүү снаряддар менен аткылашкан. Бул боюнча жеткиликтүү далил буюмдар алынды. Бул жерде баардыгы объективдүү. Тергөө эч кимге тартпастан КЖКнын негизинде толук кандуу тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Учурда чек ара аймактарында, өзгөчө Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ар түрдүү куралдуу кагылышуулардын алдын алуу үчүн чек ара кызматы, жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барып, коомдук жайларда, чек арага жакын аймактарда милициянын кайгуул иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү тууралуу жергиликтүү милиция жетекчилерине ырааттуу тапшырмаларды коюп, катуу көзөмөлгө алып турам.

Сурат Жылкычиев 

“Азия Ньюс” гезити

0