-Улан Омоканович, сөздү ток этээринен баштасак. ИИМге ким министр болуп келбесин, келген министрдин баары эле реформа кылабыз деп келишет. Сиз да ошондой ойдосузбу?
-Албетте, реформа токтоосуз жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турушу керек. Андыктан алдыӊкы кадамдарда ички иштер тармагын реформалоонун алкагында коомдук тартипти ишенимдүү камсыз кылуу жана кесипкөй кадрларды даярдоо багыттарында ишке ашат. Ошондой эле коомдук кеңеш жана жарандык коомчулук менен биргеликте реформалык аракеттерди ишке ашырабыз. Негизинен, ички иштер органдарынын ишин жакшыртып, элге татыктуу кызмат өтөө багытында бир катар пландар бар. Алардын айрымдарына токтоло кетсем: “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында учурда Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарында 110 (90 стационардык жана 20 көчмө) аппараттык-программалык комплекстер иштеп жатат. Аталган долбоордун алкагында 2020-жылы 1 миллион 186 миң 412 жол эрежелерин бузгандыктары боюнча электрондук токтомдор чыгарылып, андан мамлекеттин бюджетине 793 миллион 366 миң 515 сом акча өндүрүлүп төгүлдү.
ИИМге коопсуз шаар долборууун алкагында консультациялык-түшүндүрмө мүнөзүндөгү маселелер боюнча 128 миң 652 жаран кайрылган. Ошондой эле «Колл-борборго» (100 кыска номуру) 80 миң 272 жаран чалуу менен кайрылса, онлайн «WhatsApp» номуру аркылуу 5 миң 926 СМС кайрылуу суранычтар келип түшкөн. Биздин кызматкерлер алардын ар бири менен түшүндүрүү иштерин жүргузүп тиешелүү жардамдарын беришти.
Биздин план боюнча республикабыздын аймагында 306 жерге аппараттык-программалык комплекстерди орнотууну аягына чыгаруу (266 стационардык, 40 көчмө) мерчемделүүдө. Аталган аппараттар региондорго жана негизги мамлекеттик маанидеги трассаларга орнотулат .“Коопсуз шаар” долбоорун андан ары өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарынын кичи райондоруна “Коопсуз район”, “Коопсуз көчө”, “Коопсуз короо” аталыштагы долбоолорду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы ишке ашыруу боюнча уюштуруу чараларын көрүп жатабыз.
Ошондой эле азыркы учурда эл арасында коомдук тартипти күчөтүү максатында, “Милициянын көчмө кабылдамасы” аталыштагы элди кабыл алууга бардык шарты түзүлгөн атайын 42 даана автоунаа кабылдамалары ишке киргизилип, эл арасында иштеп келүүдө. Бул иш-чара элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатып, коомчулук арасында келип чыккан көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө багытталган. Анын ичинде, 33 автоунааны демөөрчүлөрдүн жардамы менен (ЭККУ), 9 даанасын өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөр менен бөлүштүрүп, жер-жердеги ички иштер органдарына таратып бердик. Жакынкы арада демөөрчүлөрдөн дагы 6 автоунаа алууну пландап жатабыз.
2020-жылы эл аралык өнөктөштөрдөн жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жалпы 107 автоунаа алынып, 150дөн ашык компьютерлер, санариттештирүүнүн алкагында атайын борборлорго программалык сервистер берилип ички иштер органдарынын ишмердигин күчөтүү үчүн берилди. Учурда демөөрчүлөр тарабынан, чет элдик уюмдар тарабынан жана ЭККУнун программасынан алкагында да ИИМдин материалдык техникалык базасын чындоо максатында өз ара байланыштар өз жемиштерин берүүдө.
Милиция саясаттан тышкары турат. Тартип сакчыларынын жалпы жамааты ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюп, саясаттан алыс болуп, биринчи кезекте өз элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылып, элдин ишеничин акташыбыз керек. Биздин реформалык бардык аракетибиз элге кызмат кылуу болуп саналат.
-Кыргызстандагы толкундоолордон кийин сөзсүз жетекчиликтер алмашат. Сиз жетекчи болуп келгенден кийин кадрларды алмаштыруу канчалык деӊгээлде жүрүүдө? Дегеле кадрлардын сапатына ичиңиз чыгабы?
-Милиция кызматкерлери элдин алдында кесипкөйлүк жана адамгерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болушу керек. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө менен кесиптик жана күжүрмөн даярдыкты үзгүлтүксүз жүргүзөбүз. Ушундай комплекстүү кадамдар милиция кызматкерлеринин профессионалдуу деңгээлин жогорулатып, учурдагы кылмыштуулук менен татыктуу күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Милициянын ишинин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири бул элдин милицияга болгон ишеними. Аны биз күжүрмөн жана мыйзам чегиндеги эмгегибиз менен көрсөтүшүбүз керек.
Ооба, олуттуу суроо бердиӊиз, мен министрлик кызматка келгенден бери бир дагы жетекчилик курамдагы начальниктерди алмаштырганым жок. Иштесин, иштебесе мыйзам чегинде чара көрөбүз дедик. Кадр саясаты боюнча ушул жылдын февралында өткөн Коллегиянын чечимине ылайык ички иштер органдарында кадрдык жактан ротациялоо жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө практикалык иштерге өзгөчө маани берүүгө убакыт келди. Ошондуктан ИИМдин борбордук аппаратынын маанилүү кызматына, Ысык Көл, Нарын, Талас, Баткен, Ош областарынын, Бишкек жана Ош шаарынын ички иштер органдарынын жетекчилик курамына өз ишинин кесипкөй кызматкерлери дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчилер калыптанып калган учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен мамиле кылып, көйгөй жараткан маселелер болсо чечүүнүн жолдорун табат. Кадрдык жактан сапаттуу тандоолор ички иштер органдарынын маанилүү ресурсу болуп саналат, укуктук тартипти камсыздоо маселесинде ийгиликтерди жаратат жана ыкчам кырдаалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Ошол себептүү коллегиянын чечиминин негизинде жана атайын сынактардан ийгиликтүү өтүп ИИМдин буйругу менен жаңы дайындалган жетекчилердин алдында ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда, коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жаңы заманбап ыкмаларды иштеп чыгуу, аны практикада пайдалануу багытында көптөгөн иштерди аткаруу милдети турат. Биз алардын ар бирине ишеним менен маанилүү милдеттерди жана тапшырмаларды коюп олтурабыз.
-Милиция кызматкерлеринин айлык маянасы аз. “Кɵбɵйдү” — деген менен арзыбаган эле тыйын кошулуп келет. Айлык маянаны кɵтɵрүү боюнча иш планыңызда бар болсо керек…
-Айлык маяна маселеси жалпы эле мамлекеттик кызматкерлерде орчундуу маселе. Албетте, заман талабына ылайык анын көлөмүн жогорулатып туруу абзел. Милиция кызматкерлеринин айлык акысы 2020-жылдын 1-январынан баштап көтөрүлгөн. Буюрса бул жаатта да жакшы иштер болот деп ойлойм. Мамлекет ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлыгын гана көтөрүү менен алектенбестен алардын социалдык шартын жакшыртуу маселеси да чечүүнү колго алууда. Мамлекет тарабынан учурда ар тараптуу камкордуктар көрүлө баштады. Алсак өткөн жылды аяктай Нарын шаарына 60 батирлүү үй курулуп, кызматкерлерге тапшырылды, ошол эле учурда баардык шарты бар Кочкор райондук ички иштер бөлүмү курулуп, ишке киргизилди.
Учурда мамлекет тарабынан үйлөрдү курууга керектелүүчу каражаттар чечилип Бишкек шаарында 216 батирлүү, Ош шаарында 240 батирлүү үйлөрдүн курулуш иштерин аягына чыгаруу мерчемделүүдө.
-Элдин ИИМге болгон ишеничин кайруу боюнча кайсы багытта иштер жүрүп жатат?
-Бүгүнкү күндө милициянын кадыр-баркын көтөрүүгө жана коомдук тартипти сактоодогу бардык тапшырмаларды так жана акыйкат аткарууга практикалык тажрыйбабыз, кызматтык принциптерибиз жана тутунган багытыбыз да жетиштүү. Биздин бирден бир максат элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу. Милиция кызматкерлери элдин алдында кесипкөйлүүлүк жана адамкерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болушу керек. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө менен кесиптик жана күжүрмөн даярдыкты үзгүлтүксүз жүргүзөбүз. Ушундай комплекстүү кадамдар милиция кызматкерлеринин професионалдуу деңгээлин жогорулатып, учурдагы кылмыштуулук менен татыктуу күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Милициянын бирдиктүү, натыйжалуу жана сапаттуу иши менен мамлекеттин туруктуулугу, адамдардын бейпилдиги, коомдук коопсуздук бекем сактала тургандыгын терең түшүнүшүбүз зарыл. Милициянын ишинин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири бул элдин милицияга болгон ишеними. Аны биз күжүрмөн жана мыйзам чегиндеги эмгегибиз менен көрсөтүшүбүз керек.
Биз ички иштер министрлигине жакныдан жардам көрсөтүшкөн, ар тараптуу колдоого алган, милициянын ишин түшүнө билген бардык Кыргызтандыктарга, айрыкча айыл жергесиндеги Аксакалдарыбызга, ардагерлерибизге таазим кылуу менен бирге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
-Заман агымы өзгөрүп, жаӊы технология, санариптешүү агымында жашап жатабыз. ИИМде бул багытта иштер кандай жүрүүдө?
-Ички иштер министрлиги тарабынан санариптештирүү багытында бир катар иштер уюштурулуп, аткарылууда. Тактап айтканда, бүгүнкү күндүн талабына ылайык, санариптештирүү ички иштер министрлигинин негизги багыттарынын бири катары эсептелип, элге заманбап шарт түзүп, ыңгайлуу жана ыкчам кызмат көрсөтүү эң башкы максат катары белгиленген.
Өлкөнү санариптештирүү иш-чарасынын алкагында, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ИИМдин “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызмат көрсөтүү үзүрлүү иштеди. ИИМден ар кандай тактамаларды жана уруксат берүүчү кагаздарды жеңилдетилген түрдө жарандарга берүүдө. Бул борборлор Кыргызстандын аймагында соттолгондугу жоктугу жөнүндө тактамаларды, апостилдерди, кооптуу жана жарылгыч жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын жана башка тактамаларды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө.
Азыркы учурда ИИМдин кызматкерлери жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар бир облуста мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөткөн борборлор менен пунктар ачылып, республика боюнча “Бирдиктүү терезе” режими боюнча иштеген 31 пункт иштеп келди. Быйыл ички иштер министрлиги жарым жыл ичинде кошумча 6 пункту ачууну пландаган эле. Кечээ жакында эле Нарын облусунун Жумгал РИИБде, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп РИИБде “Бирдиктүү терезе” режими менен иштеген борборду ачтык.
Эми, Талас облусунун Талас РИИБде, Ош облусунун Араван РИИБде, Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБде ачабыз. Биз келечекте бардык райондорго ушундай борборлорду ачып элге кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтөбүз.
Мына ушул багытта бир эки цифрага токтоло кетейин өткөн жыл ичинде республика боюнча жарандарга 157 миң 391 аныктамалары, андан сырткары 1773 апостил аныктамалары берилди. Мурда ушунча киши аталган аныктама (справкаларды) алыш үчүн Бишкекке келишип убактысын, каражаттарын коротушуп, алган аныктамасынан да көп каражаттар жол киресине, баскан турганына кетип эки-үч эсеге чыгымдар болушчу.
Мисалга, ала турган болсок, Чүй облусунда 104 миң киши, Жалал Абад облусу боюнча 12 миң 661 миң киши, Ош облусу боюнча 21 миң 597 киши, Баткен облусу боюнча 3 миң 705 киши, Нарын областы боюнча 3 миң 167 киши, Ысык Көл облусу боюнча 8 миң 143 киши, Талас облусу боюнча 4 миң 277 киши Бишкек шаарына келбестен өз райондорунда “бирдиктүү терезенин” алкагында ИИМдин кызматынан пайдалана алышты.
-Акыркы жылдары ɵлкɵбүздɵ коррупция «гүлдɵп» кеткени айтылып, ага каршы аёосуз күрɵш да тынымсыз жүрүп келет. Коррупция ИИМ министрлигинен да алыс эмес. Дегеним, сиздердин кызматкерлер да байма-бай пара менен кармалып жатышат. Бирок, токтой элек. ИИМ тармагындагы коррупцияны түп тамыры менен жок кылуу үчүн кандай аракеттерди жасап атасыз?
-КРнын ички иштер министрлиги абийирсиз жана коомдун алдында милициянын аброюна шек келтиргендер кызматкерлерден өз катарын тазалоодо. Жазадан эч ким кутула албайт. Коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү планында ИИМдин жетекчилигинин позициясы-кызматкерлердин мыйзамдарды бузушканы аныкталган учурда, күнөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу.
Кылмыштарды жасалмалап, жашырган милиция кызматкерлери дагы бар же өздөрү мыйзамсыз иш-аракеттерди жасашып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурлар да кездешет. Ички иштер министрлиги ушундай фактылар аныктала турган болсо, катуу чараларды көрөт.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарындагы кызматты кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантып келет. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларды аныктоого өзгөчө көңүл бурулууда. ИИМде бул багытта иштер ар дайым көзөмөлдө турат.
-Коомдук тартип сактоо багытында жарандарга кандай кеп-кеңеш же чакыруу жазай аласыздар?
-Ички иштер министрлиги Кыргызстандын бардык жарандарына, демөөрчүлөрүнө, чет элдик уюмдардын өкүлдөрүнө коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытындагы ишмердүүлүгүндө ИИМге көрсөткөн колдоолору, ИИОнун материалдык-техникалык базасын чыңдоого жакындан жардам бергендиктери үчүн терең ыраазычылыгын билдирет. ИИМ кылмыштууулкка каршы күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо дайыма биз менен бирге экендигине сыймыктанат жана укук тартибин сактоодо ички иштер министрлиги бардык мүмкүнчүлүктөр менен кылмыштуулуктуу ооздуктоого ишмердүүлугун улантып келе бермекчи.
-Маек соӊунда сурайын, министрдин иш күнү эмнеден башталат?
-Министрдин иш күнү сутка ичиндеги республика боюнча катталган бардык кылмыштар менен жоруктарды, жол кырсыктары боюнча маалыматтарды анализдөө, кылмыш бетин ачуу, алдын алуу, тергөө жана иликтөө иштеринин абалы менен таанышып иштин сапатын жогорулатуу максатындагы кечиктирилгис чараларды кабыл алуу менен башталат.
Айрым учурларда конкреттүү маалыматтардын, кылмыштардын жана республика боюнча крриминалдык абалдын жагдайына жараша ыкчам чечимдерди кабыл алууга туура келет. Андан сырткары маанилүү иш кагаздардын ал абалын менен таанышуу, тапшырмаларды берүү,берилген тапшырмаларды көзөмөлгө алуу, массалык маалымат каражаттарынын маалыматтары менен таанышуу, мүмкүнчүлүгүгүмө жараша социалдык түйүндөрдөгү ИИМ тууралуу маалыматтар менен таанышып, керектүү учурларды текшертип мыйзам чегинде чараларды жана жарандардын суроо талаптарын чечүү максатында тиешелүү кызматарга да тапшырмаларды бергенге үлгүрөбүз. Айтоор, бир сөз менен айтканда тыным жок. ИИМ өзүнө тиешелүү ишмердүүлүктү жогорку денгээлде жүргүзүү максатын көздөйт жана аны ишке ашыруу максатында бардык ыкчам жана кечиктирилгис чараларды көрөт.
Кубаныч Зайнидинов
Факты.кж