УКМК: Райымбек Матраимов ооруканадан ИК47-түзөтүү колониясына которулду

1024

Кыргыз Республикасынын УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимов «Бикард» клиникасына жаткырылгандан кийин ИК47-түзөтүү колониясына которулду.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 18-февралында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Р.Матраимов УКМКнын кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

+1