Академик Шарипа Жоробекова баштап, УИАнын президенти Канат Абдрахматовду вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун жана башка бир топ жандоочтордун коштоосунда кабинетине алып кирип отургузушат. Самындай жылмышкан топураган кашка баштардын бири да бата бергенге жарабай, жоолукчан академик озунуп орусча-кыргызча каалоо айтканы эмнеси? Минтип Шарипа Жоробекованын энтелегенинин жөнү бар тура. Көрсө, кызы Бермет Мерлисовна Худайбердиеваны КР УИАнын башкы окумуштуу катчылыгына “кудалап”, чоңойтуп жаткан кербези турбайбы. Акдемиянын вице-президенти Чолпонкул Арабаев “түндүктөн” түштү окшойт, себеби аны шайлаганга 40 академик каршы добуш беришиптир. Булар келгенден кийин академиянын фундаменталдык илимдерин тейлеген институттар университеттерге бөлүндү. А Канат Ермекович башын мыкчып отурат. Бермет Худайбердиевага болсо академиянын тагдыры баары бир. Ал бир эле учурда эки орунду ээлеп, жогорку медициналык мектепте да иштейт. Чолпонкул Арабаев “коомдук илимдер академиясы түзүлүп калса, президент болом” кудуңдап сүйүнүп жүрөт имиш. Улуттук илимдер академиясынын ушундай кайдыгер жетекчилиги менен иш жүрөбү? Албетте, жок.
УИАнын мурдагы президенти Шарипа Жоробекова бекер жерден бата берген эмес, себеби, анын үстүнөн академиянын жерлерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу боюнча Биринчи Май райондук сотунда кылмыш иши иликтенип жатканы чечмеленеби? Сыягы Канат Абдрахматов “ошол кыңыр иштерди бүтүрүп берем” деп убада бергенби, же дагы бул багытта бузукулуктар улана береби?..
Элдос Бакбергенов
«Азия Ньюс» гезити