Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт. Бишкек – Түркстан жаңы аба каттамы ачылат

79

Эми Бишкектен Казакстандын башкы шаарлары – Алматы жана Нур-Султанга Түркстан аркылуу учууга болот.

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 31-майынан баштап «Түркстан-Бишкек-Түркстан» багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачылат.

Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.

0