Учурдагы өкмөттүн көркү – министр Руслан Казакбаев!

183

Өткөн аптада “Вечерний Бишкек” анализ жүргүзүп, өкмөттүн курамына жана аткарылып жаткан жумуштарга баа берип, азырынча чекисттердин жана дипломаттардын гана ийгилиги көрүнүп, натыйжалуу болуп атканын айта алышты. Садыр Жапаров Москва, Нур-Султан, Ташкентке жеңил барып, оор келгени белгилүү. Учурдан пайдаланып, биз тышкы иштер министрлигин жетектекеген Руслан Казакбаевдин ишине алкыш айтууга кошулабыз. Азыркы министрлердин арасында Р.Казакбаевдей тажрыйбалуу жана оор басырыктуу жетекчи жок. Бул киши чын жүрөктөн мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп атканында бир да саясый күчтүн күмөнү жок. Тышкы саясатты туура багытка буруп, мекенибиздин өнүгүшү үчүн элчилерди күндөп-түндөп иштетип атат.

Aryba.kg

0