Тынчтык Шерматов: Депутат болуп шайланып калсам, башкы максатым өлкөгө инвестиция тартуу

301

Кудайым буйруп, элимдин колдоосу менен депутат болуп шайланып кала турган болсом, завод фабрикаларды курууга аракет кылам. Азыр чет өлкөдөн алынып келген курулуш материалдар жол жана бажы салыгы кымбат болгонуна байланыштуу өтө эле кымбат.  Карапайым эл көбүнчө муну көтөрө албайт. Андыктан мына ушулар элибизге жеткиликтүү болуусуна чоң шарт түзүүгө күчүмдү жумшайм. Мага бул тармак жат эмес, андагы көйгөйлөрдү жакшы билем. Андан сырткары дагы ички экономикабызды өнүктүрсөк деген тилегим бар.

  Бизде жакшы мүмкүнчүлүктөр бар, болгону ошону туура пайдалана билүү керек. Бюджетте акча тартыш деп отура бербей, ошол мамлекеттик бюджетти толтурууга салымыбызды кошсок дейт элем. Ошондой эле эң башкы максатым өлкөгө инвестиция тартуу. Эл өкүлү болуп шайлангандан кийин эл үчүн иштешибиз керек деп ойлойм.

Аткаруучу: ИП “Султанова Жыпар Ильясовна”. Дареги: Бишкек шаары. Месароша көчөсү 95-2. Буйрутмачы: «Азаттык» демократиялык партиясы. Нускасы: 1 даана.Чыгарылган күнү: 24-ноябрь, 2021-жыл. “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү. (03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

+1