Президентти жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо тууралуу Конституциялык мыйзам парламент тарабынан кабыл алынды. Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген мыйзам партиялык система боюнча 120 парламентарийдин баарын шайлоо тажрыйбасынан четтеп, аралаш системага өтүүнү сунуштады. Жаӊы Конституцияга ылайык, парламентте 90 депутат отурат, ал эми мыйзам долбоорунда алардын 36сы – бир мандаттуу округдан, калган 54ү партиялык тизме боюнча шайланмакчы. Калган жаӊылыктар тууралуу биз бүгүн БШК төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров менен маектешмекчибиз.
- Өлкөбүздө шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга багытталган шайлоо мыйзамдарына кандай жаӊы толуктоолор кирди?
- Биринчи эле, добуш берүүнүн аралаш системасы сунушталганын айткым келип жатат. Башкача айтканда, 54 депутат партиялык тизме менен, 36 депутат бир мандаттык округдар боюнча, бардыгы болуп 90 депутат шайланмакчы. Бул шайлоонун өзгөчөлүгү болуп депутаттардын саны 120дан 90го чейин азайгандыгын айтсак болот. Мындан тышкары, добуш берүүнүн пропорционалдык формасы чындап шайлоочулардын добушун алган депутаттардын келишин шарттайт. Мыйзамдын аталган нормасы буга чейин партиянын жетекчилиги жана саясий кеӊеш тарабынан жасалып келген манипуляцияларга жол бербейт. Бюллетенде талапкер кайсы номерде турбасын, канча добушка ээ болуусу анын аракетине, күч жумшоосуна жана калкыбыздын ага арткан ишенимине жараша болот. Талапкер эӊ көп добуш алган учурда депутаттык мандатка ээ болот.
- Жогорку Кеӊешке партиялардан 54, ал эми бир мандаттык округдан 36 депутат көрсөтүлөт. Сиз кандай деп ойлойсуз, добуштардын мындай бөлүштүрүлүшү канчалык деӊгээлде акыйкаттуу?
- Мыйзамдагы аталган норма аркылуу биз шайлоочуларга добуш берүүгө жана ага жаккан конкреттүү талапкерди шайлоого мүмкүндүк бердик, башкача айтканда, алардын добуш берүүлөрүнүн натыйжалуулугу 100%га камсыздалды, менимче, бул – акыйкаттуулук.
- Добуш берүүнүн преференциалдык системасы. Мында шайлоочу партияны эле эмес, анын курамындагы талапкерлерди да тандай алат. Бул партия ичиндеги коррупциядан качууга жол береби?
- Бул мыйзамда каралган биздин жабдуу системасы коррупцияны толугу менен жокко чыгарат, ал эми биз азыркы учурда дал ушуга багытталган эки программаны даярдап жатабыз, добуш берүү аяктагандан кийин добуштарды автоматтык эсептөө добуш берүүнүн жыйынтыгынын натыйжаларын чыгарып берет. Ошондо кимде кандай жыйынтык болгондугун ачык көрүүгө болот. Баары ачык-айрым, жеткиликтүү, көрүнөө болуп, эч кандай бурмалоолорго жол берилбейт.
- Бирок мунун баары добуш берүүнүн жүрүшүндө кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн, туурабы?
- Шайлоочу эки бюллетенде 3 ача-белгисин (галочка) коюшу керек. Биринчи бюллетень – бир мандаттуулар боюнча. Бул конкреттүү талапкер тандалган учурда, ага добуш берилип, бюллетень урнага салынат. Экинчи бюллетень – партия жана аталган партиянын тизмесиндеги талапкер. Мында партия жана конкреттүү талапкер үчүн добуш берүү керек, башкача айтканда, 2 ача-белгисин коюш керек. Бул учурда айрым жарандар кыйынчылыктарга кабылуу тобокелчилиги бар. БШК жана мамлекеттик органдар добуш берүүдө кантип ката кетирбеш керектигин жарандарга жеткирүү үчүн ар кандай түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзмөкчү. Ошондой эле ММКларда партиялардын тизмеси жана талапкерлер тууралуу маалымат жарыяланып турат.
- Партиянын тизмесине кирген талапкерлер бирдей укуктарга ээ болушабы?
- Партиянын тизмесинде алган ордуна карабастан, калктын ишенимине кирген талапкер эч кандай каржы ресурстарын колдонбостон, каржыны кеӊири колдонгондордон көбүрөөк добушка ээ болушу мүмкүн. Муну менен, биз бардыгына бирдей ишенимдүүлүк жана акыйкаттуулук мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуусуна шарт түзөбүз.
- Сиз азыр парламентке кадыр-барктуу, так жарандык позицияга ээ, ошондой эле элдин ишенимине кирген адамдар барат деген маанилүү ойду айттыӊыз. Партиялык тизмеге карата белгилүү талаптар коюлган – гендерлик квота, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Аялдар үчүн 30 пайыздык квота сакталдыбы?
- Мыйзам тарабынан аялдар үчүн мандаттарды камсыздоо кепилденген. Партиянын тизмесиндеги 54 талапкердин ичинен 18 аял ич ара бири-бири менен атаандашат. АЭУ эсептеп чыгарганда, бир депутаттык мандат канча добушка туура келгендигине карабастан, көп добуш алган аялдар мандатка ээ болушат. Элестүү айтканда, бир мандат, айталы, 20 миӊ добушка барабар, бирок, ал аялдарга тиешеси жок. Аялдар миӊ добушка ээ болсо эле депутат боло алат. 36 бир мандаттуу округ боюнча аялдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн, анткени ал жакта мындай градация жок. Бул жакта эӊ көп добуш алган талапкер гана депутат боло алат. Ал эми партиялык тизме боюнча, алсак, бул – мыйзамдуу талап.
- Шайлоого катышкан партиялардын саны азаят. Бул партиялык системага зыян алып келдиби же, тескерисинче, партиялардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзө алдыбы?
- Партиялар, алгач илик жүргүзөт, анткени, 5%дык чек деген бар, элестүү айтканда, 3 миллион 600 миӊден, айталы, 2 миллион адам шайлоого келет – бул 60%. Ага кошумча 1 миллион шайлоо кепилдигин алалы, бул – өтө салмактуу сандар. Мына ушуларды эске алуу менен партиялар шайлоого катышуу же катышпоо тууралуу чечимдерин кабыл алышат. Ал эми плюстары тууралуу айтсак, парламент депутаттарынын санын 120дан 90го чейин кыскартуу бюджеттик чыгымдардын азайышына да алып келет.
- Үгүт иштери ийгиликтүү өтүп, калкыбыз кимге добуш бериш керектигин билиши үчүн талапкерлерге жана партияларга кандай кеӊеш берет элеӊиз?
- Кыргызстанда үгүт кампанияларын жүргүзүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бизде цензура, тыюу салуулар жок, жалпы алганда, бул талапкерлердин өзүнө жана партияларга жараша болот.
Жарандарга кайрылып жатып, алардан шашылыш түрдө КТБдан өздөрүн тактап алуусун суранат элем, анткени белгилүү бир даректе катталып, башка жерде жашаган жарандарыбыз да бар. Албетте, алар жашаган жерлеринен добуш бере алышпайт. Мына ушуга байланыштуу, алар КТБга кайрылып, мыйзам талаптарына ылайык мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп шайлай алышат! - Шайлоочулардын тизмесин жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатабы?
- Албетте. Учурда бул иштер Санариптештирүү министрлиги, МКК, ИИМ менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер ошондой эле бардык мамлекеттик органдар менен биргеликте жүрүп жатат.