Тыңчылыкка шектүү Жеңиш Разаков жоопко тартылабы?

581

Кечээ жакында президент Садыр Жапаров жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип жатып, жакын арада өлкөгө чыккынчылык кылгандар жоопко тартылаарын билдирди. Демек, жакын арада өлкөнүн эгемендигине, жерлерибиздин кертилишине жана коңшу өлкөлөр менен чек араларды тактоодо мамлекетибиздин позициясын уттургандар жоопко тартылат. Мындайда, дароо тыңчылыкка шектүү, бир топ былыктары коомчулукка белгилүү Жеңиш Разаков ойго келет экен. Анын Тажикстанга барып, ал жакта кармалганы жана кийин кое беришкени жазылган түшүнүк каты талкуу жараткан. Жеңиш Разаков Баткен ИИБнин жооптуу кызматкери, сыр алып жүрүүчү болуп туруп Тажикстанга эмнеге барганы, колго түшкөндө кандай убадаларды бергени ачыкталабы? Баса, ошол учурда Разаков менен бирге барган Өзбекстандык кесиптеши ошол замат жоопко тартылганы айтылып келет. Деги эле Жеңиш Разаковго карата коомчулукта курч сындар айтылып, аны жоопко тартуу талабы менен Бишкекте бир нече митингдер өткөн. Баткенде чек ара чыры тутанган сайын Баткен эли чек арадагы позициябызды Жеңиш Разаков уттуруп жибергенин ачык эле айтышып, аны жоопко тартуу талабын коюп келишет. Андыктан, президентибиз чыккынчыларга карата күрөштү алгач Жеңиш Разаковдон баштайбы?..

Булак:ЧЫНДЫК

0