Туугандарым мени спорт залга күйөө табыш үчүн жазылды деп ойлошуптур

232

Мен силер менен өз башымдан өткөн баян менен бөлүшүүнү чечтим. Тагдыры мага окшош айымдар муну окуп бир күлүп алса керек. Анда сөз башынан болсун.

Чемоданым менен үйгө келсем, атам менен апам билмексен болуп, кайра качан кетеримди сурашты. Колумдун көгаласы, сынган тиштерим алар үчүн маанилүү эмес эле. Аа кокуй, бул жакта жашоо болбойт экен деп, кызымды ээрчитип батирге чыктым. Байкем, “дарегиңди айтып кой, күйөө бала келсе берем”,-деди. Ошол маалда ээрчитип бараткан кызым колумду бекем кысты. “Коркпо берекем”,-дедим дагы, байкеме тек гана жылмайдым.

Эртеси таежем чалды. Учурашпай туруп бакырып, жок бакырып эмес, айкырып кирди:  “Ай, сен кандай бети жок немесиң! Бизде эрден чыккан кыз болгон эмес! Кол көтөрсө эле кете бересиңби! Кайтып баргының! Ата-энең элдин көзүн кантип карайт! Кызыңа ата керек!”

Жерге жатып алып сабагын жазып жаткан кызым, шап тура калды.

– Апа, мага андай ата керек эмес, барбайбыз э?

– Барбайбыз!

Өз жашын сүртүп, бир аз тыйынымды берип дүкөнгө балмуздак алып келгени жөнөттүм. Экөөбүз биринчи жолу жайбаракат отуруп алып балмуздак жедик.

Күйөөсү жок жүрүү жугуштуу оору сымал баары менден кача башташты.

Курбуларым мени ватсаптагы группалардан чыгарып коюшту. Туугандар жамандык-жакшылыктарына чакырбайт, чакырган күндө деле ата-энем мени ээрчитип баргандан уялат. Тааныштар мени көрсө эле, бузулган телефон ойноп башташат. Эркектердин бузук оюу тууралуу айтпасам деле белгилүү. Билесиңерби, алар мени басынткан сайын кайра күчтөнүп жаттым.

Бир күнү кызым мындай деди:

– Апа, мен чоңойгондо турмушка чыкпайм.

– Эмнеге, атама окшоп сени ургандай кылып мени…

Боорума бекем кыстым. Жакшы адамдар көп экенин айттым. Биринчи кезекте күйөөгө тийүүнү эмес, билим алып бактылуу болууну ойлон дедим. Эки уячасын көрсөтүп жылмайды.

“Ажырашканыңа бир жыл болоюн деп калды, качан күйөөгө тиесиң”, “ муну менен таанышып көрчү, ажырашкан, төрт баласы бар”, “ичет бирок жакшы адам”, “тойлордо соксоюп жалгыз отурмак белең” ж.б.

Менин турмушум эч кимди жайына койбоду. Эң кызыгын айтайын. Спорт залга жазылып өзүмө кам көрө баштагам. Ошондо туугандар “күйөө табыш үчүн жазылдыңбы”,-дешти. Айла жок боорум эзилди. Көрсө, алардын оюу боюнча аял өзү үчүн жашабайт туура. Эх… баары бир түшүнбөйсүңөр. Капканда жүрө бергиле, а мен эч кимдин сөзүн укпай алдыга умутулам.

Мен азыр бактылуумун. Бир кезде коркконума карабай туура чечим кабыл алганымды билдим. Кызым дагы күлүп, көздөрү жайнап калды. Биринчисинде жаңылдым, балким экинчисинде жаңылбайм. Жаңылсам деле мейли, “стоп” деп айтып кетип калуудан коркпойм. Мен жөн гана бактылуу жашагым келет. Буга акым бар!

http://Bilesinbi.kg
0