Генерал Курсан Асановга 28-апрель күнү сот адилеттүү өкүм чыгарабы?
14-апрель күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту ИИМдин мурунку орун басары Генерал Курсан Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча соттук ишин улантты. Сот тараптардын жарыш сөзүн укту. Андан соң башкы айыпталуучу Курсан Асанов акыркы сөзүн айтты. Ошону менен бирге бул күнү “Чындык” сайтынын мурунку редактору, учурда “Учкун” басмаканасынын директорунун орун басары Турсунбек Бейшенбеков, ошондой эле Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановдор да акыркы сөздөрүн айтышты. Алар соттон адилет өкүм чыгарууну суранышты.
Сот Адылбек Эсенбаев баардыгына өкүмдү 28-апрелде чыгарат.
Ибрагим Жунусов, коомдук ишмер:
–Соттук териштирүү отурумунун бу жолкусунда кандайдыр бир күмөндүү нерселерди байкаганым жок. Сот адилеттүү, туура чечим кабыл алат деп ойлойм. Анүстүнө Курсан Сатарович бүт баарын мончоктой кылып, болгонун болгондой тизип койду. Жактоочулары да Курсандын актыгына далилдүү фактыларды көрсөтүп, мыйзам үстөмдүгүнө басым кылышты.
Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер:
–Курсан Асановду чейрек кылымдан бери билем. Басып өткөн эмгек жолу мага алаканга салгандай көрүнүп турат. Өз ишин мыкты билген, мекенди чындап сүйгөн патриот жигит деп ишенимдүү айта алам. Бизде элдик генерал деген сыймыкка татыгандар саналуу. Анын бирөөсү Курсан Сатарович. Мамлекетибиз кайсы гана оор учурда болбосун Курсан ар дайым алдыга чыгып, мекен үчүн ат көтөргүс кызматын кылып келген. Алсак, 2010-жылы Июнь окуясында Ош шаарында комендант катары тынчтыкты орнотууга абдан чоң эмгек кылган. Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши козголуп, 4 жылдан бери созулуп келе жатат. Бул 100 пайыз саясый өңүттө токулган соттук иш. Калыстык үчүн айтып коеюн, бул мурунку бийликтин тушунда ачылган кылмыш иши. Ошондогу бийликтин жогорку бутагындагы адамдар кызыкдар болгон. Учурда соттук териштирүүлөр бүтүп калды. 28-апрель күнү соттун акыркы отуруму болот. Толук 100 пайыз акталып кетерине эч шек санабайбыз. Себеби дегенде, соттук отурумдун баарына катышып, баарын уктук, көрдүк. Ал гана эмес айыптоочу тарап да эч кандай далил жок болгонуна байланыштуу алр “ишти кыскарталы” деп суранып атышат. Бул албетте туура эмес. Курсан Асановду таза актап бериши керек. Курсан Асановдун баардык жагынан баралына келип турган кези. Тажрыйбасы мол, эрки, билими күчтүү. Азыркы бийлик Курсанды толугу менен колдонуш керек. Анын потенциалы жогору, Кыргызстандын өнүгүүсүнө абдан чоң салым кошмокчу.
Курсан Асанов, генерал:
–4 жылдан берки созулган Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү иштери Жараткандын Орозо айы учурунда аяктап калганы жакшы жышаан катары баамдап атам. Мага козголгон кылмыш иши мурунку бийликтин, башкача айтканда, президент Сооронбай Жээнбеков учурунда анын аппаратынын орун басары, күч структура боюнча куратору Алмамбет Салиевдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен, ошол учурдагы укук коргоо жетекчилери ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин, УКМК төрагасы Орозобек Опумбаевдин, Генпрокурор Өткүрбек Жамшитовдун көрсөтмөсү менен өздөрү каалагандай жеке эле мени эмес, менин тарапташтарымды, үй бүлө мүчөлөрүнө, айылдаштарыма кысым көрсөтүү менен соттук териштирүү амалдарын кылганын ачык-айрым далилденди. Бир гана кемчилигим – мурунку бийликтин алдыга койгон арам ойлоруна тоскоолдук кылып Алмаз Атамбаевди тирүү алып чыкканым болду. Эмне үчүн ошондой жолго бардым, мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн, жергебизде тынчтыктын туруктуулугу үчүн ар убакта аракет кылып келгем. Ошол күнү дагы, ошол учурда сүйлөшүүдөн башка иш мүмкүн эмес эле. Андай жоопкерчиликти өз мойнума алып, өзүмдүн өмүрүмдү тобокелге салуу менен ошондой кадамдарга бардым. Бул – тарых, бул келечектеги жаштар үчүн өрнөк, үлгү! Мен акмын! Болгону соттон адилеттүү чечимди, өкүмдү күтөм!
Соңку сөз ордуна
Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумда мурунку вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун өкүлү Курсан Асанов менен “Чындык” сайтынын ээси Турсунбек Бейшенбековду күнөөлөп, соттордун көңүлүн бурдурган эле. Бул боюнча да кечээ, 14-апрель күнү сот Турсунбек Бейшенбековдун акыркы сөзүн укту.
Турсунбек Бейшенбеков:
–Жеңиш Разаков Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чегара маселелери боюнча кызуу талкуу болуп, кыргыз делегациясы Тажикстанга комиссиянын төрагасы болуп барып, ошол күнү кечинде протоколго ылайык, принципиалдуу маселе каралып атса, Разаков комиссияны таштап коюп тажиктерге кетип, ошо жакта түнөп, эртеси келгени жалганбы? Экинчиси, мен эч качан жашынган эмесмин. Баткенге барып, эл менен жолугуп Разаковдун ким экенин аныктагам. Керек болсо, ошо кездеги президент Жээнбековго ачык кайрылуу жазгам. Разаковдун ишмердигиндеги кемчиликтерди тизмектеп жумуштан алыңыз дегем. Журналист катары ар бир ишимдин жоопкерчилигин сезем. Разаков түшүнүк кат жазып жатат. Ошентип жазгандан кийин уялып жерге кирип кетсе болмок, тескерисинче биз менен соттошпой. Ачык жазып жатат. Паспорту жок кызматтык күбөлүк менен Тажикстанга өткөнүн, а жерде 3 күн камалганын, ГКНБда суралганын мойнуна алып атат. Ал мамлекеттик сырга ээ кызматкер катары ал жакка мыйзамсыз өткөн жана ошол кармалган убакта эмне убадаларды берген? Кыскасы, эртели-кеч Разаковдун ким экени аныкталат!
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
Азияньюс гезити