Тургула, чыйралгыла! Бириккиле! Өмүрбек Текебаев кайрылуу жасады

1156

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын ландшафтында Ала Тоо заңкайып көрүнүктүү жана туруктуу болгондой эле “Ата Мекен” партиясы да Кыргыз саясий айдыңында ошондой орунду ээлейт.

“Ата Мекен” партиясы Кыргызстанды курган, коргогон, сактаган партия.

Кыргызстандын табигый байлыктарын, элдин эмгегин ачкөз жемкорлордон, адамдардын укугун, эркиндигин көңүл кош бюрократтардан коргоп, авторитардык режимдер менен күрөшүп келген партия.

Азыркы парламентте 6 партиялык фракция бар. Алардын кээ бирлери Кыргызтандын бир нече президентин, Өкмөт башчыларын, Жогорку Кеңештин төрагаларын жб. жетекчилерди дайындап, Кыргызстандын тарыхын калчаган партиялар эле. Бирок, бүгүнкү шайлоодо элдин алдына алар келе алышкан жок.

Урматтуу шайлоочулар!

Сиздердин алдыңыздарга “Ата Мекен” гана келди. Анткени, анын жүзү жарык, ал эл адында айткан сөздөрүндө турду. Биз кайтпастардын, тайбастардын партиясыбыз! Бүгүн да Кыргызстанда жеке бийлик, өзүм билем саясий системасы орноп жатат. Бул жол менен туңгуюкка барабыз. Бул туура эмес жол. Биз башка жолду сунуштайбыз. Ошон үчүн биз өзүбүздү бүгүнкү бийликке альтернативабыз деп жарыяладык.

Ооба, биз Садыр Жапаровго оппозициябыз. Бирок, анын душманы эмеспиз. Кыргызда “дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” дейт. Бүгүн сүйдүрүп айткандар президенттин жанында. Чындыкты айткандар душман деп жарыяланды.

Садыр Жапаров саясий оппоненттерин эле эмес, кыштын суугуна үшүгөнүнөн, кымбат баалардын азабынан бүгүнкү кырдаалга нааразы болгон жөнөкөй адамдарды да өзүнүн душманы деп жарыялады.

Президент – Конституциянын, элдин биримдигинин гаранты. Элди бөлүп-жарган президенттин статусуна туура келбейт. Президент ар бир гражданин үчүн бирдей кам көрүп, бирдей мамиле жасаш керек.

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстан жеке бийликтин туңгуюгуна түшүп баратат. Бул жакшылыкка алып барбайт, кеч боло электе мамлекеттин курсун өзгөртүп, туура жолго салышыбыз керек. Биз, кээ бирлерге жагабызбы, жакпайбызбы, бир нерсе чындык. Өзүм билемдикке, жеке бийликке, зомбулукка каршы тура турган бизден башка саясий күч жок.

Урматтуу шайлоочулар!“Ата Мекен” партиясын ар дайым шайлап келдиңиздер. Бизге добуш берген шайлоочулардын алды 90дон ашты. Карыдыңыздар, чарчадыңыздар, сясаттан көңүлүңөр калып, эч кимге ишенбей калдыңыздар.

Бирок, мен билем, бүгүн сиздер барсыздар. Кааласаңыздар реалдуу күч боло аласыздар. Өткөн эрдигиңерди эстегиле. Тургула, чыйралгыла! Бириккиле!

Дагы бир жолу авторитаризмге каршы чыгалы. Шайлоого келип, “Ата Мекен” партиясына добуш бергиле!Бул сиздин өлкөнүн жаңы багытын аныктоого кошкон салымыңыз болот!

Ата Мекен №1

Текебаев №1

Аткаруучу: ИП “Султанова Жыпар Ильясовна”. Дареги: Бишкек шаары. Месароша көчөсү 95-2. Буйрутмачы: «Ата Мекен» социалисттик партиясы. Нускасы: 1 даана. Чыгарылган күнү: 25.11.2021-ж. “Ата Мекен” СП шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840006225) каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

0