Кыргызстанда коомчулукта резонанс жараткан кылмыш бул жаш кыздарга, аялдарга күч колдонуп, сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүү. Кечээ белгилүү болгондой, жаңы кодекстерди иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөлөрү мындай оор кылмыштарга жаза колдонууну жумшартып жатканы ачыкка чыкты. Бул тууралуу кризистик борборлордун ассоциациясынан Толкун Тюлекова төмөнкүдөй ою менен бөлүштү:
-Биз 7-майда Жогорку Кеңештин сайтына жайгашкан кодекстердин долбоору менен таанышып чыктык. Кодекстерди иштеп чыгуу жабык жүргүзүлүп, кандай өзгөрүүлөр кирип жаткандыгын биз көргөн жокпуз. Ошон үчүн эксперттердин бир бөлүгү, “Сообща” кыймылы биригип өз сунушубузду билдирдик. Себеби кандайдыр бир тоскоолдуктар, коррупциялык көрүнүштөр бар экени байкалды.
Мисалы, биз аялдарга жана кыздарга жасалган зомбулуктар, сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулуктар, никеге күч колдонуу менен тургузуу, адам сатуу, адамдарды уурдоо, адамдын ден соолугуна оор залал келтирүү сыяктуу оор кылмыштарга пробация көзөмөлүн колдонууну сунуш кылып жатышат. Мисалы, бир эркек кызга сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтсө, ага пробация кызматы колдонулат экен. Башкача айтканда ал эркек эркиндикте эле жүрүп, тиги кызды коркутуусун уланта берет десе болот.
Биз ушундай оор кылмыштарга пробациялык көзөмөл жүргүзүлбөш керек деп эсептейбиз. Ал эми иштеп жаткан кодекстерде мындай кылмыштарга пробациялык көзөмөл жок болчу. Пробация көзөмөлүнө кылмыштуулугу аз иштер гана өтүшү керек эле. Ошондой эле иштеп жаткан кодекстеги 161-беренеге укуктук иш тажрыйбаны колдонууну абдан жакшы талдап чыгыш керек деп ойлойбуз. Анткени биз 1997-жылдагы кодекстин практикасын изилдеп чыкканбыз, себеби ушундай иштердин 60 пайызы соттордо эле токтоп калчу. Демек, зордуктоолор жазасыз калып келген. Бул бир. Мындан тышкары, аял киши арыз жазуу же жазбоону өзү чечиши керек, ошон үчүн арыз жазууда жекече ачыкка чыгуу мүнөзүн калтыруу туура болмок деп ойлойбуз. Бул дагы маанилүү жагдай.
Ал эми азыр сунуш кылынып жаткан долбоордо тергөөгө чейинки текшерүү институту киргизилип жатканы белгилүү болду. Мисалы, жабырлануучунун расмий макамы жок, демек ал толук укуктарга да ээ эмес. Ошон үчүн аялдарга кайрадан террор жасаган суроолор берилгендиктен аял кийин айыптоодон баш тартат. Себеби, зордуктоого кабылгандыгын аял өзү далилдеш керек. Бирок аялдын зордуктоого кабылгандыгын далилдөө мамлекеттин милдети. Ошон үчүн зордуктоонун курмандыгы өзүнүн курмандык экендигин эмес, мамлекет анын зордуктоонун курмандыгы болгондугун далилдеши керек.