Касым Жума Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Райым Матраимов тууралуу маек алса, бу жолу Темирбек Асанбаев, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Текебаев тууралуу маектешиптир. Маек эч өзгөзтүүсүз берилди…Темирбек Асанбеков тууралуу…– Света айым, сиз жакында эле президенттин амирименен коопсуздук кеңешинин төрагасы болгон Темирбек Асанбеков тууралууэмнелерди айтааласыз?
– Бул кишиге эми гана ийгилик жылмайды.Көп жылдан бери бийликке келүү аракетин кылып жүрбөдү беле. Жаңы кызматка орношуп, иштейм деп аракеткылып турган кези. Бирок мунун иши жүрүшпөйт. Себеби, мага: « Азырынча бийликтин ырайымы түшүп, иштеп жатканы менен, андан аркы жолу жок. Акыр аягында саясий куугунтукка кабылып калат» деген аян түшүшүжатат. Ошондуктан бул адам сак болуп, абайлашы керек!Сооронбай Жээнбеков тууралуу…– Экс-президент Сооронбай Жээнбековду кандайтагдыр күтүп турат?– Сооронбай Жээнбеков ден соолугуна кам көрүүсү керек! Анын кан басымы кээде көтөрүлүп, жүрөгү ооруйт экен. «Экс-президент» деген статусун алуу керек!» деп элдин оозу менен айттырып жатышат. Бирок, андан майнап чыкпайт. Себеби, анын жолу ачык, келечеги жарык, жакшы.Өмүрбек Текебаев тууралуу…– – Кыргызстандагы белдүү саясатчылардынбири Өмүрбек Текебаевди кандай тагдыр күтөт?
Саясаттагы иши боюнча эмнелерли көрүп жатасыз?– Өмүрбек Текебаевди бийлик «кысымга алабыз!»дегени менен эч бир илинчек таба албай жатат. Бул инсанды эч ким эч нерсе кыла албайт. Ал эми өзү болсо депутаттык мандатын кайрып алам деп аракет кылууда. Учурда эки саясатчы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жакында бир чуулгандуу маселени көтөрүп чыгат.Ден соолугу тууралуу айта турган болсом, бир кыйла жакшы болуп калганы менен бир аз алсырагандыгы бар. Саясатта болсо жылдызы кайрадан жанат, ал сааттар жакындап калды. «Алдыдагы шайлоодо «Ата-Мекен» партиясы өтөт» деген аян келип түштү. Алар бийликтин бир өңүрүн чоёт.Маектешкен Касым ЖУМААлакан.Биз