Тизме – Бишкек шаардык кеңешине 6 партия өттү

1880

Үкөктөрдөгү добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешке 6, Ош шаардык кеңешке 4 партия өтүүдө. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, шаардык кеңешке ат салышкан партиялар 7 пайыздык шайлоо босогосун өтүшү керек.

Учурда Бишкекте 7 пайыздык босогону 6 партия ашып өттү:

– “Эмгек” партиясы – 14%;

– “Ак бата” партиясы – 12,10%;

– “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы” – 10,52%;

– “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы – 9,66%;

– “Ынтымак” партиясы – 8,34%;

– “ Биздин эл” партиясына – 7,78% добуш берилген.

Ошто 4 партия алдыда келе жатат:

– “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы – 48,65%;

– “Улуттар биримдиги элдик партиясы” – 17,57%;

– “Ыйман нуру” партиясы – 8,06%

– “Ынтымак” партиясына – 7, 18% добуш берилген.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда саат 20:00дө шайлоо аяктаган.

Добуш саноо уланып жатат. Шайлоо жыйынтыгы улам жаңыланып турат. 

0