Тимур Саралаев, политолог: “Өзбекстан менен чек ара бизге пайдалуу чечилиптир, мен далилдерди келтирейин”

454

Кыргызстандын аянты 199 951 км квадрат болсо, Өзбекстан менен чек араны тактап чекит койгондон кийин 210 000 миң км квадраттын тегерегине жетет. Эми айткылачы, ким утту?

Өзбекстан менен такталып жаткан чек ара маселеси Жогорку Кеңеште ачык каралып жатат. Буга чейин жабык каралып, маалыматтар толук жеткен эмес эле. Ага байланыштуу айрым саясий топтор элге туура эмес маалыматтарды таратып, “жерлерибизди сатып жибериптир” деген ушактар эл аралап кеткен. Бүгүнкү ачык талкуулоо, документтердеги далилдерден кийин эмнелер белгилүү болду, мен тизмектеп берейин.

Биринчи, буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычын 100% Өзбекстан башкарып келген. Кыргызстан тарап суу сактагычты пайдалана алган эмес. 2019-жылы чыккан Адахан Мадумаровдун маеги жүрөт, “биз суу сактагычтын жээгине бара албайбыз, балык кармаганы баргандарды өзбектер кармап кетет. Өзбектердин тооктору биздин корообузда алмабызды жеп жүрөт”,- деген. Ал эми плотинага 100% Өзбекстан ээлик кылган.

Мындан ары, насос аркылуу суу тартып айыл-чарба тармагына пайдалансак болот, жээгинде ээн-эркин балык кармап, кайык менен сейилдеп жана башка муктаждыктар болсо, сууну каалагандай колдонууга болот. Эки тараптуу келишим боюнча суунун жээги зым менен тосулбайт, ачык болот. Плотинага Кыргызстан менен Өзбекстан теңме-тең ээлик кылып, башкаруу 50/50 болот!

Экинчиси, 1965-жылдагы документтер боюнча суунун горизонталы 908 деп бекитилген. Мында 5731 гектар жер тилкеси суу астында калган. Мындан ары суунун деңгээли 900 горизонталдан ашпай турганы келишимде так көрсөтүлдү. Мында максимум 4485 гектар жерди суу ээлейт. Мындан 4127 гектар сууну басып жаткан жер үчүн Өзбекстан 1965-жылы эле Кыргызстан тарапка өз жерлеринен берген. Ал кайсы жерлер, ага кайсы айылдар түшкөнү тууралуу тизмени жазып берем.
Бүгүнкү күнү суу астында калган айырма 358 гектар жер үчүн Өзбекстандан 1000 гектар жаңы жер алдык, 500 гектар Сузактан, 500 гектар Өзгөндөн. Мындан тышкары суунун горизонту 908ден 900гө түшкөндө суу сактагычтын айлана-тегерегинен 1246 гектар жер аянты бошойт. Бул жерлер дагы Кыргызстанга өтөт.

Өзбекстан Кемпир-Абаддагы суу басып жаткан 4127 гектар жер үчүн 1965-жылы берген жерлерге биздин кайсы айылдар түшкөн?

  • Кадамжай районунун Көк-Талаа айылы 758 гектар жерге курулган;
  • Пылдырак айылы 255 гектар жерге курулган;
  • Араван районунун Найман айылы 148 гектар жерге кулуган;
  • Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар жерге курулган;
  • Аксынын аэропорту жана башка обьектилер 446 гектар жерге курулган;
  • Жетиген айылы 75 гектар жерге курулган;
  • Падыша-Ата сайы 5 гектар жерди ээлеп турат;
  • Кара-Дөбө айылы 45 гектар жерди ээлеп турат;
  • Ала-Букадагы Ажек тоо участогу жалпы аянты 1307 гектар жерде турат. Ошентип, 1965-жылы Өзбек тарап берген 4127 гектар жерге жогорудагы айылдарыбыз отурукташкан. (Бул боюнча архивдик жана тарыхый документтер депутаттарга берилип, алардын алдында папкада турат)

Дагы бир маанилүү жана көңүл бура турган жагдай. Союз чачырагандан бери бүгүнкү күнгө чейин такталбаган талаш жерлердин канчасы бизге өткөндүгү боюнча маалымат берилди. Кунт коюп окуп чыгыңыздар, арасында 2017-жылы Атамбаевдин колу менен Өзбекстанга толугу менен өтүп кеткен, мыйзамдуу бекип калган жерлер кайра кайтарылды. Дагы бир көңүл бура турган далил, көпчүлүк талаш жерлер архивдик жана башка материалдарга ылайык Өзбекстандын картасында тургандыгын унутпашыбыз керек. Ал документтер турат.

  1. Көк-Серек айылынын жанынан 105 гектар жер бизге өттү;
  2. Баястан айылынан 212 гектар жер бизге өттү;
  3. Кара-Белес айылынан 25 гектар жерди кайра кайтарып алдык. Бул жер 2017-жылы 5-сентябрдагы келишим менен Өзбекстанга өтүп, Алмазбек Атамбаевдин колу менен бекитилип калган. Бул жерди дагы кайра кайтарып алдык;
  4. Кара-Суудан 100 гектар жер бизге өттү;
  5. Ала-Бука районунда жайгашкан Гавасай участогунан 12 849 гектар жер аянты Кыргызстанга өттү. Бул жайлоо 1965-жылы ошол кездеги жетекчилердин колу менен Өзбекстанга өтүп кеткен, бүгүн кайра кайтарып алынды!
  6. Унгар-Тоо бизге өттү, 35 гектар;
  7. Баткен облусунда жайгашкан газ сактоочу жайды (Түндүк Сох) толугу менен Кыргызстан алды. Азыр биздин энергетика министрлигинин балансына өттү.

Урматтуу туугандар, мындай келишимге жетүү оңойго турбаса керек. Бул өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана жалпы бүгүнкү бийликтин командасынын эмгегинин үзүрү.

Ачыкталганга чейин Адахан Мадумаров жана аны ээрчиген саясатчылар элди козутууга аракет кылышты. “Биздин жерди берип жатыптыр” деп капкайдагы калпты айтышты. Жөн отурушпай бийликти басып алалы деп даярданышты. Жыйынтыгы камалып отурушат. Адахан Мадумаров депутаттык мандаты, кол тийбестик артыкчылыгы болгон үчүн эркиндикте калды. Жанагы бийликти күч менен басып алуу планын сүйлөшүп жаткан жерде Мадумаров дагы болгон. Сүйлөшүүдө үнү чыгып жатат, “чогулалы, киши топтойлу, алып келели” дегендерди “ай азамат, ап-баракелде!”-деп шыкактап.

Тегерегиндегилерди мыйзамсыз аракеттерге түртүп, каматып коюп өзү бети кызарбай жүрөт. Өзгөнгө барып алып, маалыматы жок карапайым элге түрдүү ушактарды жеткирип, аларды мыйзамсыз аракеттерге шыкактап, козутууда. Ансыз дагы бир тобун каматты, эми карапайым элдин убалына калбаса болду.

Өзбекстандын эли бул келишимге нааразы болуп жатышат. Социалдык байланыш тармактарында “кыргыздын бийлиги эли менен кеңешет экен, биздики кеңешпей туруп жерибиздин барын кыргыздарга берип салды. Өзбек болуп уктап, эртең менен кыргыз болуп ойгонобузбу?”,- деп жазып жатышат. Ошондуктан, бул келишимде Кыргызстан утту деп айтсак болот. Дагы бир мисал, буга чейин Кыргызстандын аянты 199 951 км квадрат болсо, Өзбекстан менен чек араны тактап чекит койгондон кийин 210 000 миң км квадраттын тегерегине жетет. Эми айткылачы, ким утту?

0