— Жетим-Тоо кени боюнча коомчулукта ар кандай талаштартыш уланып келет. Бийликтин позициясы кандай? Эгерде кен байлык иштесе экологияга зыяны тийбей, элибиз үчүн пайдасы болобу? Же келечек муунга мурас катары калтырганыбыз оңбу?
— Жетим-Тоо кени боюнча көптөн бери эл арасында ар түрдүү жоромолдор айтылып жүрөт. Көбү реалдуулукка дал келбейт. Бир нерсени айтарда өзүбүз үчүн маалыматты тактап алсак. “Жетим-Тоо карыз үчүн кытайларга кетип калыптыр” деп дагы бир саясый мифтин жаңы версиясы пайда болуптур. Эми килейген кен Кытайга өтүп кеткидей кунажын беле? Булжер өзгөчө аймак, ал бирөөнүн менчиги эмес, мамлекеттики, элдин байлыгы, мурасы. Демек, аны эч ким жашыруун соодалай албайт. Жетим-Тоо боюнча учурда чалгындоо иштери жүрүп жатат окшойт, бирок чалгындоону чууга айлантпайлы. Ал бир күндүк, же бир айлык иш эмес, геологиялык чалгындоо иштери комплекстүү ыкмаларды жана бир топ техникалык иш-чараларды талап кылат. Айрымдар ойлогондой дүрбү менен штатив көтөрүп алып ар кайсы коктуда жүргөн 2-3 геолог эмес да. Геологиялык чалгындоо керек болсо штольняларды, жерди терең казуучу инженердик курулуштарды жүргүзгөнгө туура келет. Эми ошолорду алыстан малчылар көрүп алып, кошуна-колоңго жаман ою жок эле айтып, андан ары “бузук телефон” иштеп кетип, “саман өрттөндү” десе, “Самарканд өрттөндү” деп да салышыбыз мүмкүн. Геологиялык чалгындоо аяктаган соң долбоордун техникалыкэкономикалык негиздемеси такталат. Анда татаал географиялык рельефти эски алуу менен канча каражат керек болот, канча убакытта жолдор, коммуникациялар, имараттар, курулуштар, техникасы, кадрлар, ж.б.у.с., толгон-токой тактоочу бир топ татаалмаселелер бар. Анан алар ийгиликтүү аяктап, баары такталган соң, иш башталат. Ага чейин дагы убакыт бар. Ошондуктан “тигиге же буга кетип калыптыр” деп жазардын алдында тактап жазсак, болбосо, окуп алып айла жок жылмаят экенсиң.
Жамиля Нурманбетова
“Азия Ньюс” гезити