Тимур Саралаев: “Азыркы маалда маалыматтык ар түрдүү манипуляцияларды көрүп жатабыз”

571

— Учурда маалымат мейкиндигинде кызыктай абал жаралды (элдин ишенгени массалык маалымат каражаттары эмеспи), айрымдары айыпталып жатат. Эл эми кимге ишенерин билбей калгандай. Мындай учурда кандай кадамдарга барууга муктажбыз?

— “Платон менин досум, бирок акыйкат андан артык” дегендей, соңку учурда өлкөбүздүн маалымат мейкиндигинде талаштартыштын көлөм-өлчөмү бир башкача болуп баратканын мен да белгилейм. Катуу ылдамдык менен негативдүү трансформацияларды байкаса болот. Аны менен бирге ар бир ачык полемикада аргументтер менен контраргументтерди келтирүүдө өзгөчө бейрасмий тараптарда эмоционалдуу фон басымдуулук кылууда. Мындай нук менен кетиште диалог болуусу кыйын, бир тараптуу гана маалыматтардын массалык үстөмдүгү ээ болуп калат, ал коомдо терс энергетиканын көлөмүн күчөтүп, жоопкерчиликсиз кадамдардын санын көбөйтөт. Азыр деле андай көрүнүштөрдү өзгөчө соцтармактардан байкаса болот, жоопкерчиликтин төмөндүгү жашыруун эмес агрессияга өтө баштады. Азыркы маалда маалыматтык ар түрдүү манипуляцияларды көрүп жатабыз. Алардын жыйынтыгында тигил же бул тараптарды, инсандарды, өзгөчө расмий жүздөрдү кайсы бир деңгээлде демонизацияга кабылтып, аларды массалык триггерге айлантууда. Коомдо болгон актуалдуу суроолор, калкты кызыктырган маселелер пикир алмашуу жолу менен эмес, катуу талап кылуу, басым көрсөтүү жолу менен ишке ашыруу көпчүлүккө ыңгайлуу болуп калды. Социалдык чыңалуулардан жалкып калган мамлекеттик система мурунку учурларга салыштырмалуу максималдуу ачык болгонго аракет кылуусун акыйкаттык үчүн да белгилөө керек. Бирок, табит тамактануу маалында өскөндөй, маалыматтык табит да геометриялык прогрессия менен өсүүдө, анын баарын бир убакта канааттандыруусу объективдүү жолтоолорго учурайт, ал эми өлчөмдүк (порция) маалыматтык азыктанууну коом кабылдабай жатканын да байкасак болот. Албетте, баарын билүү жана баарына бир учурда ээ болуу ар түрдүү себептердин негизинде мүмкүн эмес экен, бул – аксиома. Аны коомдук-саясый процесстердин катышуучулары абдан жакшы билишет. Бирок ага карабастан, саясый атаандаштык мыйзамченемдүүлүккө көз каранды болгон соң, алар маалыматтык манипуляциялардан саясый спекуляцияларга өтүп кетүү коркунучунун алдында турушат. Тилекке каршы, учурдагы маанилүү көйгөйлөр басымдуу көпчүлүккө толук түшүнүксүз болсо, салыштырмалуу түшүнгөндөргө ар кандай деңгээлдеги мүмкүнчүлүк, ал эми жакшы түшүнгөн айрымдарга, саясый жарыштагыларга жакшы колдонуучу кейс, башкача айтканда, курал. Атаандаштыктагы соңку колдонулуп жаткан 2-3 маселеде сын-пикирлерди жаадырып жаткандардын арасында консенсуска келүү каалоолору жоктой. Бул абдан өкүнүчтүү, анткени бул динамика логикалык жыйынтыкка келгиче, сырткы реалдуу коркунучтар жөнгө салына элек маалда, алардын активдүү актору биздин коомдо тил табышуу жоктугун байкап, туруктуулукту бузуу аракетин көрүшү ыктымал. Жогорудагы жагдайларды эске алып, рубиконду өтө электе коомго адекваттуу, конструктивдүү пикир алмашуу муктаждык бар, бирок ал бир тараптуу эмес, көп тараптуу, ар түрдүү ракурс жана призмалар аркылуу каралган, катышуучулардын бири-бирине урматтоо принциптеринде түзүлгөн диалог болушу шарт.

Жамиля Нурманбетова

“Азия Ньюс” гезити

0