Тиллебаев УТРКда фейк-тролль фабрикасын жаратты!

495

УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаевге жүктөлгөн эмгек милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн сөгүш жарыяланды. Тийиштүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду. Чынында, сөгүп койгон менен маселе чечилбейт. Тиллебаев УТРКнын бир учурда президент «кара ящик» деп атаган деңгээлден дагы төмөн түшүрүп жиберди. Кесипкөй журналисттерди соцсетте кошоматчы тролль катары пайдаланып, ал аз келгенсип фейк фабриканын уюгуна айландырып салганы сынга алынды. Тилекке каршы, Болотбек Тиллебаевдин мурдун балта кескен жок. Анан муну сөккөндө оңомок  беле?! КТРдин жомогуна эл ишенбей калганы качан? Кичине сырттагы жашоо менен реалдуу чындыкты аз-маз болсо дагы чагылдырып, бейтараптуулукту сактап сынга да орун бериш керек го. Жок, маалыматтык манипулияция менен элдин аң-сезимин такыр жууп бүтмөй болду. Бул кылыгы менен бийликке жардам бербей эле, аңга түртүп, элге жек көрдү кылууда. Мынчалык чоң чөйрөнү жетектөө колунан келбейт экен. Иштен кетирип, ордуна башка бирөөнү койгондон өтөөрү жок.

Булак:Де-Факто

0