Тихановская Бакиевдин Минскте жүргөндүгү тууралуу айтып берди

388

Беларус оппозициясынын лидери, мурдагы президенттикке талапкер Светлана Тихановская “Азаттык” радиосунун журналисти берген Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президентинин Минскте жүргөндүгү тууралуу суроого жооп берди.

«Беларустун өзүндө эмне болуп жаткандыгын эске алсак, менимче көп адамдар бул жөнүндө ойлонушпайт. Себеби буга чейин Лукашенконун кыймыл аракеттеринин бардыгы кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып, эч ким буга туруштук бере алам деп ойлогон эмес. Былтыр гана эл көтөрүлүп чыгып, ким экендигин көрсөтө алды. Азыр гана бул маселе беларустуктардын арасында талкуулана баштагандыр».

Светлана Тихановская 8-июнда “Азаттыктын” Прагадагы кеңсесинде болуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Казакстандын азыркы жана мурдагы президенттери Светлана Тихановская менен байланышка чыкканбы деген суроого ал Касым-Жоомарт Токаев менен да, Нурсултан Назарбаев менен да расмий сүйлөшүү болбогонун айтты.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Мурдагы президент жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларустун борбору Минскте баш калкалап жүрөт.

0