Темир Сариевди каралаган Исмаил Исаков акылдан адаштыбы?

137

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков “Унгар-Тоону өзбектерге Темир Сариев берип салган” деп жалган жазыптыр. Генералдын маалыматтары чийки, толук эмес экен. Эң оболу, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда, Өзбекстандын андагы президенти Ислам Каримов улам өчүрүп жаткан Унгар-Тоонун башындагы ретрансляторго кошумча башка чокуга дагы ретранслятор салганга каражат бөлгөн, башка чечим болгон эмес. Аныгында, 25 жыл биздин менчик болсо да өзбектер колдонуп келгенин эмнеге айтпайбыз? Бир да премьер-министр буга чейин даап кол коё албаган 11 объектини Темир Сариев мамлекттик баланска алган.

Алар: 1. Орто-Токой суу сактагычы (Ала-Букадагы); 2. Ноокен районундагы 4 насостук станция; 3. Ысык-Көлдөгү 4 пансионат; 4. Аксыдагы Чоң-Наманган каналы; 5. Баткендеги Сох-Шаймерден каналы; 6. Кадамжайдагы Кайтпас, Кыргыз-Кыштак үлүшү; 7. Биринчи Фергана автотранспортук колонна; 8. Лаган каналы; 9. Нарындагы Левобережный каналы (43,1 км түштүктө); 10. ОКМ Фергананефть объектиси; 11. Аксыдагы Чуст каналы (14,5 км).

Дал ушул фактыларды Исмаил Исаков билгиси келбейби, же карылыкка моюн сунуп, адашууга алдырган мезгили келгенби, айтор, бир кездеги үзөңгүлөшү Темир Сариевди каралоого алганы акылга сыйбай калыптыр. Жарыктык киши эми эсине келсе керек…

“Азия Ньюс” гезити

PS: Ар-бир инсандын мамлекет үчүн кабыл алган маанилүү чечимдерин сыйлашыбыз абзел. Темир Сариевдин жогорудагы обьектилерди толук өлкөнүн карамагына алуудагы саясий эркин, чечкиндүү кадамын жумурай журт ушул күнгө чейин кубаттап келет. Ошондой эле Сариевдин бул чечими тарыхый чечим болгонун эч ким тана албайт. Кыргызстанда ушул күнгө чейин 5 президент төш, 30 премьер-министр баш болуп мындай саясий чечим кабыл алууга даай алышкан эмес. Калганын келечек көрсөтөт.

0