Темир Сариев: Мен ыйлап жибердим. Айпери, сенин чоң жеңиштериң али алдыда…

979

Мурунку өкмөт башчы Chagylgan.kgге саналуу мүнөттөр мурун Токиодогу Олимпиада оюндарында АКШ балбаны менен беттешип, мыкты жыйынтык көрсөткөн Айпери Медет кызына жана анын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго карата төмөндөгүдөй оюн билдирди:

Айпери Медет кызы абдан мыкты, абдан дасыккан балбан экенин АКШ балбаны менен беттешкенде көрсөттү. Ал алтынга күрөштү. Эч ким мындай күрөшө албайт. Тилекке каршы, калыстыгы жок калыстар анын таза жеңишин атаандашына бүт дүйнө карап турса дагы тартып берип коюшту. Мындай калыстарды «май менен майлап » кууш керек. Акыркы мүнөттөрдө ыкма жасап, артына өттү. Бирок тиешелүү упайларды бербей коюшту. Мен ошол учурда көзүмө жаш алып ыйлап жибердим. Америка балбаны эч нерсе кылган жок. Болгону убакытты созуп, коргонуп, сактанып туруп алды. Спортту сүйгөн кыргыз эли үчүн Айпери чемпион, анткени Айпери утту! Чынында биз бул балбан кыздарыбыздын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековду баалабай жатабыз. Мына бул жолу Олимпиадагы 1 эмес, 3 кызды алып чыкты. Изабековго келечекте Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүү зарыл. Буйруса, Изабеков элибиздин баатыры болот. Эмгеги эртерээк, өз убагында бааланат деген үмүттөмүн. Акырында айтарым, Айпери аман бол! Сенин чоң жеңиштериң али алдыда…

Эске сала кетсек, Темир Сариев мурунку өкмөт башчылардан айырмаланып спорт менен бала кезинен машыгып, бул тармакка чоң күйөрмандык кылып, колдоп келет…

0