Темир Сариев башка өлкөнүн энчисине өтүп кеткен 19 обьектини кайтарып алган! – тизме

7293

Темир Сариев кыргыз саясатында кызматтык ордун, саясаттагы жеңиштерин туруктуу кармап, кандай кырдаал болбосун саясатта сыртта калган жок. Бул – анын жигердүү саясатчы экенинин белгиси катары бааласак болот. Ал Өкмөт башчы болуп турган кезинде дагы алгылыктуу реформа жасап, аткаруу бийлигинде жөндөмдүү экенин далилдеди.

Мисалы, Темир Сариев премьер-министр болуп турган убакта көп реформалар ишке ашты, мамлекеттин пайдасына олуттуу пайдаларды алып келди. Башкасын коюп, көп жылдан бери башка өлкөнүн энчисине өтүп кеткен чоң обьектилерди Кыргызстандын карамагына кайтарып алды. Бул Сариевдин «Мекенчил» инсан экенинин далили. Сариевдин бул эрдигин карапайым калк колдоп кубануу менен кабыл алган.

АЛАР:

Алар: 1. Орто-Токой суу сактагычы (Ала-Букадагы); 2. Ноокен районундагы 4 насостук станция; 3. Ысык-Көлдөгү 4 пансионат; 4. Аксыдагы Чоң-Наманган каналы; 5. Баткендеги Сох-Шаймерден каналы; 6. Кадамжайдагы Кайтпас, Кыргыз-Кыштак үлүшү; 7. Биринчи Фергана автотранспортук колонна; 8. Лаган каналы; 9. Нарындагы Левобережный каналы (43,1 км түштүктө); 10. ОКМ Фергананефть объектиси; 11. Аксыдагы Чуст каналы (14,5 км).

Ар кайсынын башын чаргытпай туурасын эле айтсак маселен, Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда жаман иштеди беле? Анын кандай таризде иштегенин аппараттагы эле кызматкерлерден сурап аныктама чыгарсаңар болот. Өкмөттөгү ырааттуулук, жоопкер мамиле, жумушка кызыгуу Темир Сариевдин убагында башкача сезилген. Жан дилиң менен жумушту аткарууга күчүңдү, билимиңди сарптоого даяр болор элең-деген кепти көбүнөн эшиттик. Бекем чыйралып бараткан аркандын кайрадан бошоп калышына себепкер болгон атка минерлер деле оңбой калышты. Калыс сөздү айткандан кысынбашыбыз кажет.

PS: Учурда коңшу өлкөлөр менен чек ара жаатында маселелер кайра жаралып, карапайым калкты дүрбөтүп турган чагы. Ошол эле учурда эбак Темир Сариев өлкөнүн карамагына алган Орто-Токой суу сактагычы да чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө аталып жатканы таң калычтуу. Бийлик төбөлдөрү чечилген маселени кайра козгобой, чечилбеген көйгөйлөрдү коңшулар менен дипломатиялык жаатта сүйлөшүп, өлкөнүн позициясын уттурбай чечүүлөрү абзел.

Булак:ЧЫНДЫК

+6