Темир Сариев Апрель революциясынын баатырларын эскерди

495

Бүгүн, апрель ыңкылабынын 11 жылдыгы. Бул кандуу окуя ар-бирибиздин жүрөгүбүздө сакталат. Бүгүн бул күндү улай, апрель революциясынын башында болгон оппозиция лидерлеринин бири, мамлекеттин келечеги үчүн кара-жанын карч уруп күрөшкөн Темир Сариев “Ата-Бейит” мемориалдык комлексине барып, курман болгон баатырларга куран түшүрдү.

“7-апрель элдик революцияда шейит кеткен баатырларга таазим, жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко, ыймандары саламат болсун. Алардын элестери биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат” – деп билдирди Темир Сариев.

Белгилей кетсек, 2010-жылдын 6-апрелинде Сариев Москвада болгон. Бул жактан тарапташтары Сариевге чалып, “келбей туруңуз, баарын камашты” дегениге карабай, “кыйын күндө элимди таштап коюп, сыртта жашынып тура албайм, эмнеси болсо да элим менен бирге болом” деп Кыргызстанга кайтат. 7-апрель күнү таңкы 6:00 дө Манас аеропортунан камакка алынган. Темир Сариевдин камалышы Сокулукту солк эттирип, 20 миңден ашуун тарапташы Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыгышкан. Сокулук элинин келиши аянттагы элдин духун көтөрүп, адилетсиз бийликти кулатууга өбөлгө түзгөн.

Он бир жыл мурун, ушул күнү кыргыз эли Үй-бүлөлүк кландык бийликтин карамүртөздүгүнө каршы чыгып, оттон, октон кайра тартпай, акыры ууру бийликти кулатууга жетишкен. Кыргызда бийликтин ээси эл деп бекер айтылбайт.

0