Ата Мекен: Текебаевге соцсеттен Мадумаровду жамандаткан маалымат фейк жана провокация

617

Бул шайлоо деле компроматтар согушу, кара пиар жабуу аракеттеринен четте калган жок. Алдыга озуп чыгып, “реалдуу партия” деп көпчүлүк эл колдоп жаткан “Ата Мекен” партиясын жана анын лидери Өмүрбек Текебаевди жаман көргөзүү аракеттери болуп жатат.

Эми Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаровдун ортосуна от жагуу, бири-бирине маалыматтык согуш жарыялоого өтүштү.

Соцтармактарда Текебаевди “Мадумаров Москвадагы кыргыз мигранттардын убалына калды. Өзүнүн түркөйлүгүн бүт дүйнөгө көрсөттү…” деген сөздү айттырып, жалган маалымат таратып жатышат.

“Ата Мекен” партиясынын борбордук штабы жогоруда аталган маалымат калп жана провокация экендигин расмий жарыялайт.

“Ата Мекен” шайлоого катышып жаткан бир да партиянын жана лидердин дарегине жамандаган сөз айтпайт.

Баса, “Спутник” булагы мындай маалымат жарыялабаганын, бул фейк маалымат экенин билдирди.

Жогорудагы фейк маалыматты “Спутник” сайтынын логотибин койлонуп привью жасап, фейсбуктагы Адамдар Арасында деген фейк аккаунт таратып жатат.

Аткаруучу: ИП “Султанова Жыпар Ильясовна”. Дареги: Бишкек шаары. Месароша көчөсү 95-2. Буйрутмачы: «Ата Мекен» социалисттик партиясы. Нускасы: 1 даана. Чыгарылган күнү: 23.11.2021-ж. “Ата Мекен” СП шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840006225) каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

0