Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачты. Кошуна өлкө кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптап, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны «агрессия» деп мүнөздөдү. Тажик Башкы прокуратурасынын билдирүүсү расмий сайтында жарыяланды.
2-майда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатак учурунда «Головной» тилкесинде минометтен атылган октон кыргызстандык 25 адам каза болгонун билдирип, тергөө башталганын маалымдаган. Лейлек районундагы 12 жаштагы кыздын өлүмү, жолдогу автоунааларды аткылоодон каза болгондор боюнча жалпы 11 иш ачылды. Чектеш аймакта бери дегенде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл толук өрттөлдү.