Тажикстандагы жалгыз оппозициялык партиянын лидери төрагалыктан кетти

102

Тажикстандагы жалгыз оппозициялык партия эсептелген “Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын” жетекчиси Рахматилло Зойиров төрагалыктан кетти. Бул тууралуу саясатчы өзү билдирди.

“Акыркы жылдары буттарымдагы оору кыйнап жүрөт. Былтыр сентябрда катуу жаракат алгам. Бутумдун оорусу айыкпагандыктан, партиянын саясий кеңешине төрагалыктан кетүү тууралуу арыз жаздым. Дарыланышым керек. Анан да партияны 20 жылдан ашык убакыт жетектедим. Бул өтө узак мөөнөт”, — деди Зойиров.

Ал убактылуу партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп 41 жаштагы Киемиддин Азизов дайындалганын кошумчалады.

Быйыл март айында партиянын кезектеги курултайы өтүп, жаңы жетекчи шайланмак. Бирок Зойиров партиянын активисттеринин көбү чет өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда болгондуктан, съезд кийинкиге жылдырылганын билдирген. Азырынча партиялык жыйындын качан жана кайсыл жерде өтөрү белгисиз.

“Тажикстандын социал-демократиялык партиясы” расмий каттоодон өткөн жалгыз оппозициялык партия. Айрым маалыматтар боюнча анын 12 миңден ашык мүчөсү бар. Партия былтыр 6-ноябрда өтүшү керек болгон президенттик шайлоонун 11-октябрга жылдырылышын мыйзамсыз деп эсептеп, ага бойкот жарыялаган.

Социал-демократтар буга чейин Тажикстандагы парламенттик шайлоолорго көп жолу катышкан. Бирок бир да жолу 5% босогодон өтүп, бир мандаттуу округдардан жеңишке жеткен эмес. Партия жетекчилиги тажик бийлигин басым жасоого жана добуштарды эсептөөдөгү көз боёмочулукка айыптап келет.

0