Тажикстанда селден кеминде тогуз адам каза болду

293

Тажикстанда 11-майда өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүп, кеминде тогуз адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу жааган жамгырдан улам Хатлон облусундагы бир нече айылдарды суу каптаганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкө чыгышында жайгашкан Сангвор жана Рашт райондорунун айылдары зыянга учурап, үйлөрдү жана унааларды сел алып кеткен. Ошондой эле Куляб-Дарваз-Хорог автоунаа жолун да жууп кетти. Селден каза болгон тажикстандыктардын аты-жөнү белгисиз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматына караганда, Куляб шаарында үч, Шамсиддин Шохин районунда үч жана Гиссар шаарында бир киши көз жумду.

“Каза болгондордун сөөктөрүн куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар табышты. Бул так сан эмес, курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн”, — деди комитеттин басма сөз катчысы Умеда Юсуфи.

Шейшембиде нөшөрлөгөн жамгыр Тажикстандын Куляб шаарында эң көп чыгым алып келгени расмий кабарланды. Сел шаардын тогуз районун каптап, айдоо жерлерин жууп кеткен. Расмий органдар Кулябдагы сел үч адамдын өмүрүн алды деп билдирүүдө. Алардын экөө унаанын ичинде, бирөө сел агызып кеткен.

12-майда эртең менен Тажикстандын премьер-министр Кохир Расулзода баштаган бир нече жетекчи Кулябга жөнөп кеткенин кабарланды. Кырдаал менен таанышкан аткаминерлер Куляб шаарында көчмө жыйын өткөрөт.

Учурда атайын түзүлгөн комиссия келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктап жатат. Тажик бийлиги 14-майга чейин нөшөрлөп жааган жамгыр жана сел жүрүү коркунучу жогору экендигин, андыктан жарандар этият болушу керектигин эскертти.

0