Таштек жана чакалар. Куткаруучулардын өрттү өчүрүү аракети талкуу жаратты

392

10-августта Оштун Жапалак айылында жеке турак үйдүн чатыры күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө 40 куткаруучу, ошондой эле бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды.

15 мүнөттөн кийин өрт локализацияланып, толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар болгон жок.

ӨКМ өрт чыккан жерден колуна таштек жана чакалар менен өрттү өчүрүп жаткан куткаруучулардын сүрөтү социалдык тармактарда талкууга жем болду.

0