Ташиев: Жапайы Армандын сөзү, В.Рузахуновду сүйлөткөндөрү баары жасалма!

1573

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы боюнча Фейсбук баракчасына жазды.

Урматтуу мекендештер!

Казахстанда болуп өткөн баш аламандыктарга бир жактуу пропаганда аркылуу Кыргыз коомчулугун күнөөлөгө болгон аракетти жокко чыгаруу биздин милдет, себеби чындыгында Кыргызстандан эч кандай атайын даярдыктагы адамдар коңшу мамлекетке өтүп баш аламандык уюштурууга катышкан эмес, мүмкүн кээ бир мекендештерибиз ар түрдүү жагдайларда аралашып калышы ыктымал, бирок эч кандай «террорист» болушу мүмкүн эмес!

Ошондуктан Жапайы Армандын сөзү, В.Рузахуновду сүйлөткөндөрү баары жасалма, жалган маалыматтар, дкйнөлүк коомчулук жана биздин боордош Казак элибиз билиши керек, Кыргыз эли Казахстан мамлекетине тынчтык, бакыбаттуулук жана биримдик каалайт!

+1