Камчыбек Ташиев: Кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилди

466

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси 100% чечилди. Бул тууралуу 26-мартта “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Ташкентте өткөн делимитация жана демаркация боюнча комиссиянын отурумунун жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Ташиев мындан ары ортодо талаштуу деген тилкелер болбой турганын белгиледи. Анын айтымында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө кайсы бир тарап үчүн утуш, кайсы бир тарап үчүн утулуш болбогонун кошумчалады. Бардык маселелер теңме-тең каралаарын айтты. Ошондой эле кээ бир талаштуу жерлер алмашуу жолу менен чечилет.

Анын айтымында, Орто-Токой суу сактагычынын айрым жеринин эсебинен кыргыз тарапка бир катар тилкелер өттү.

“Орто-Токой суу сактагычы кыргыз тарапта калды. Бирок анын үстүндөгү сууну 95% өзбектер колдонот. Анын 800 гектардай жердин 200гө жакын гектары буга чейин бизге компенцация катары берилген. Азыркы күндө 600гө жетпеген гектар жер калган. Анын эсебинен кыргыз тарапка Көк-Серек айылынын 105 гектары, Ала-Бука районундагы Баястан тилкесинин 212 гектары, Кара-Суу районундагы Ак-Таш тилкесинин 100 гектары, Үңкүр-Тоонун 35 гектары, Кара-Белес тилкесинин 25 гектар жери жазылды. Протоколго кол коюлгандан кийин өзбек-кыргыз чек арасында эч кандай талаштуу жер калган жок”, – дейт ал.

Ташиев белгилегендей, Жалал-Абад облусундагы Габасай тилкесинин 8 миң гектар жери кыргыз тарапка жазылды.

“Ал жерде 5-6 айыл бар. Бул жерде ок атылган учур да болгон. Эми мындай болбойт, бизге жазылды. Ошондой эле Шахрихан-Сайдын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, анын ордуна Өзгөндүн баш жагынан 50 гектар жер ала турган болдук. Кошумчалай кетсем, Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагы 5 миң 737 гектарды түзөт. Анын 1 миң 300 гектары Кыргызстанга өттү. Өзбек тарап 1973-жылы компенцация катары 4 миң 100 гектар жерди бизге берген. Дагы 300 гектар жер компенцация катары бериш керек эле. Анын ордуна Өзгөн, Сузактан 1 миң гектар жерди алдык”, – деп айтты ал.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан бери дагы 10 процентке жакыны такталганы буга чейин айтылып келген.

Чек ара тактала элек тилкелерде жергиликитүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да катталып келет.

0