«Кагылышуунун болорун алдын ала билгенбиз. Маалымат бар болчу. Ошого карата алдын ала даярданып техниканы киргизип турганбыз. Ушундан улам биринчи күнү ири кагылышты токтоттук. Биздин деле күчүбүз жетет эле. Бирок, битке өчөшүп көйнөгүңдү өрткө салба дегендей кылдык», — дейт Ташиев.
Ал эми Новиков бардык үйлөр менен социалдык объектилер калыбына келтириле турганын айтты.
«Кимдин эсебинен, кайсы каражатка экенин азыр айта албайм. Бирок, мен оңдоого кепилдик берем, зыяндын көлөмүн аныктайбыз», — деди Новиков.
Биринчи вице-премьер Артем Новиков менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 2-майда Баткендеги Максат айылына барышты.
Булак: «Спутник»