Тарых унутпайт! Ош коогалаңы жана генерал Курсан Асанов

1172

Ош коогалаңына билинбей 11 жыл болду. 2010-жылдын 10-июнь күнү кечинде Ош шаарында жаңжал чыгып, ал улут аралык араздашууга айланып кеткен. Тополоң алгач шаардын борбордук бөлүгүндөгү казинолордун биринде кыргыз-өзбек жаштарынын ортосундагы чырдан тутанганы айтылып келет. Бул чырдан соң түнкү саат он жарымдарда шаардагы “Алай” мейманканасынын тегерегине миңден ашуун өзбек тектүү жарандар, негизинен жаштар чогулган. Аларга каршы турган аз сандагы кыргыз жаштарынын саны улам көбөйүп отурган. Чырды басууга келген милиция күчтөрү андай учурларда колдончу атайын ок-жабдык, же кошумча аскерлер менен бекемделген эмес. Ички иштер кызматкерлери жараат алып, алардын унаасына жана тегеректеги имараттарга өрт коюлган. Түнкү саат он экилерде шаардын борбордук бөлүгүндөгү мечиттерде беймаал азан айтылган. Тополоң андан ары курчуп, ок атышуулар менен уланган. Быйыл Ош окуясына 11 жыл болду. Бул окуянын тутанып кетишинен сактаган, жаңжалды баскан генерал Курсан Асанов болгон. Ал ушул окуядан кийин «Өрт өчүргүч генерал» атка конгон.  Курсан Асанов Ош окуясында чыныгы генерал экенин көрсөтүп, бир заматта элдин уулуна айланган.

90-жылдардын ортосунда Ош шаарында акча алмаштыруу жайында иштеген ишкерди барымтадан куткаруу операциясында К.Асановдун аракети эл арасында катуу сөз болуп, ошондон кийин ысымы тааныла баштаган. Бир топ жыл райондук жана облустук кылмыш иликтөө бөлүмүнө жетекчи болуп жүрүп, 2005-жылы Ош облусундагы Кара-Суу райондук милициясына жетекчилик кызматка дайындалган. Кийин Өзгөн милициясын жетектеп, 2010-жылы Ош шаардык милициясына жетекчи болуп келген.

Ал Бишкекке которулуп кеткенден эки аптадан кийин Ошто июнь окуясы тутанып кетет. К.Асановду кайрадан Ошко жөнөтүшкөн. Мурда бир чөлкөмдө гана белгилүү болуп жүргөн Курсан Асанов 2010-жылдагы июнь окуяларынан соң жалпы коомчулукка кеңири таанылат. Ошентип, элдин уулу Курсан Асанов өз ишин мыкты билген,  чыныгы патриот экенин көрсөтүп келет.

Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы:

Ош окуясында элди стабилдештирүүгө, элди тынчтандырууга, кийин коопсуздукту камсыз кылууга, коомдук тартипти сактоого Курсан Асанов абдан чоң роль ойногон. Аны эч ким жаап жашыра албайт. Анын эмгеги белгилүү. Ошол үчүн ал кийин кызматтан, наамдан жогорулап алкыштарга татыктуу болгон.

Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат:

2010-жылдагы Ош коогалаңын басууда, эки элдин тынчтыгын, бейкуттугун, өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактоодо октон жалтанбай, от кечип жүргөндөрдөн генерал Курсан Асановдун эмгеги зор. Керек болсо Курсан Асановго ыраазы болушубуз керек. Муну чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн баса белгилеп кетишибиз керек. Анан албетте ошол кездеги Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун жаңжалды токтотууда эмгеги чоң.

Улукбек Ормонов, ЖКнын депутаты:

Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшубуз керек, Ош коогалаңын басууда эл алдына чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик жетекчилик кызматтагылардан Курсан Асановдун эмгеги зор болгон. Муну эч ким тана албаса керек. Анын эң ириде чечкиндүүлүгү, эл менен сүйлөшө билгендиги, эч коркпостон эл алдына чыгып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турганы,  жаңжалды басууда эмгеги  өтө  чоң. Курсан Асанов чыныгы мекенчил, эл уулу экенин 2010-жылы Ош окуясында далилдеп койгон.

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор:

2010-жылкы түштүктөгү июнь коогалаңын басууда Курсан Асановдун эмгеги зор. Анткени ошол күндөрү мен дагы аралашып түштүктө жүргөм. Курсан кандуу калаабада эч кандай паникага алдырбастан, өзүнүн кол астындагы жигиттерди, аскерлерди баарын башкарып, коркунуч абалына түшкөн жүздөгөн мекендештерибизге өзүнүн кыраакылыгын, жалтанбастыгы менен жардам берип, «Эл уулу» аталган. Чыныгы жигит  эл оозуна алынган. Буюрса, Курсан Асановдун эмгегин тарыхта калат.

Абдыгул Чотбаев, генерал:

Курсан Асанов генерал чинин татыктуу алып жүргөн  элдин уулу. Ош коогалаңындагы  анын эрдиги тарыхта калды. Курсан Асанов мекен үчүн жанын аябаган кайраттуу жоокер экенин баса белгилегим келет.

                                                                  

Амантур Садырбек уулу

Булак:Факты.кж гезити

0