Таалайгүл Токтакунова: «Дакансачылар” деген кимдер, жакшыбы же жаманбы?!

1320

— Достор жана тааныштар арасында кандайдыр бир маселе талкууланганда мага “Эмне сен дакансалардансыңбы, Садыр Жапаровду эмнеге мактап жатасың” деген ушул сыяктуу сөздөрдү көп айта башташты.

Ошентип, мен жалпысынан бизде болуп жаткан окуялар жөнүндө ойлонуп, көпчүлүк өлкөбүздүн өнүгүшүнө, бир нерсени өзгөртүүгө кайдыгер экенин түшүндүм, көбү айыптап, наалыганды, сөгүнүп, же тескерисинче кимдир бирөөнү аяп “сактанганды” артык көрүшөт. Акылдуу адамдар аны Карпман үч бурчтугу (агрессор, куткаруучу жана жабырлануучу) деп аташат.

Мен ирети менен баштайын:

Октябрь окуяларында башка “акылмандар” жетишпеген бийликти бөлүшүп жатканда, С.Жапаров жол таап, депутаттарды чогултуп, кабыл алды. Эмнеге мактоого болбойт? Кантсе да азамат, эл ойлонуп жатканда, ал иш кылды.

Эми түшүнбөйм, эл үчүн эмне жамандык кылды?

Соттордун “көз карандылыгы” 2010-жылы эле башталган, алар Декреттерге байланышкан талаш-тартыштардан улам звоноктор менен чечим кабыл ала баштаган. Азыр эми көз каранды болуп калды деп айткыңар келет, бирок андай эмес. Мына ушул телефондук укуктун баары Атамбаевден башталган, азыр Президент аны оңдоп бериши керектигине макулмун, бирок ага убакыт керек, анын мөөнөтү бүткөндөн кийин оңдоп-түзөгөнүн көрөбүз.
Ошол эле маалда конструктивдүү сын, системалуу оппозиция да зарыл, бирок кызматка ээ болгусу келгендер, же кызматтан алынгандар же абакта отургандар эмес.

С.Жапаров СИЗОдо отурганда көбү аны сыйлап, «саясый туткун», «эми боштондукка чыгыш керек», «Кумтөрдүн айынан камалды» деп ар жерде жазып, айтып жүрүшкөн. Эми эмне өзгөрдү? Ал эркиндикке чыкты, жада калса Президент болду, Кумтөрдү кайтарып берди, көпчүлүктүн тилеги ишке ашты.
Мына 30 жылдан бери көбү Кумтөрдү өзүбүзгө кайтарыш керек деп айтып келишкен, эми бул окуя орун алгандан кийин ошол эле адамдар «туура жасалган жок» деп айыптап жатышат.
Алар дароо эле “сүйүүнүн” башка каарманын, Атамбаевди табышты. Көрсө эч ким бирөөнүн ийгилигин көргүсү келбейт, бирөөнүн азабын гана көрүштү каалашат. Ушундай жол менен алар кимдир бирөөнүн абалы начар экендигине канааттанышат.
Азыр Атамбаев башкаларга караганда начар абалда, ошондуктан көпчүлүк ага дароо куткаруучу болуп чыга келишип, өзүнүн көйгөйлөрүн унутуп, анын жагдайларына көңүл оорутууда. Ал боштондукка чыкса, тескерисинче анын бардык күнөөлөрүн дароо эстеп калышат.

Бекназаров жөнүндө, кезегинде анын Малайзияга элчи болуп дайындалышы дээрлик баарына жаккан эмес, анын өзгөчө «Тил билүү бул негизги нерсе эмес», «Элчи барган өлкөнүн тилин милдеттүү билиши керек эмес» – деген сөзү кыжырдантган. Президент аны кызматтан алгандан кийин ошол учурда Бекназаровго нааразы болгондор, эми болсо “Кумтөр боюнча айтылган сөздөрдөн кийин кызматтан алынды” – деп жактырбай жатышат. Андайда маңызы өзгөрбөйт, компетентсиз элчини кетириштиби же дароо эле мыкты элчи болуп кеттиби? Бир заматта тил үйрөндүңүзбү?

Негатив маалыматтар жөнүндө:

Терс кабарлардын көбүрөөк жазылганына ММКлар күнөөлүү эмес, проблема бизде, анткени көпчүлүк жакшы кабарды уккусу (көргүсү, кабыл алгысы) келбейт. Бийликтин жетишкендиги, жеке адамдардын ийгилиги, алар үчүн бул кыжырды келтирет.

Президенттин кымбат буюмдары боюнча:
Мисалы мага анын жарашыктуу кийингени, сулуу көрүнгөнү жагат. Анын башка Президенттердин фонунда жаш жана келбеттүү көрүнгөнү да кубандырат.
Эсиңиздерде болсо, Атамбаевдин кийингени эч кимге жакчу эмес, ал баарын бир размер чоңураак, дагы өсүш үчүн сатып алган🤦🏼‍♀️.
Президенттин расмий тилде сүйлөгөнү көпчүлүккө жакпайт, Аскар Акаев орусча мыкты сүйлөгөн, аны да макташпайт. Кеп орус тилин билгенде эмес экен го? Президент эне тилинде мыкты сүйлөйт, аны эмне үчүн мактоого болбосун?

P.s. жалпысынан бул С.Жапаровду жана анын Өкмөтүн мактоо эмес, ар бир адам кубанганды (сүйүнгөндү) үйрөнүшү керек .

Таалайгүл Токтакунова, жактоочу.

Булак:Чындык.Медиа

0