Таалайбек Сарыбашов кош жарандуулугу, жасалма диплому менен камалабы?

561

Учурда «Ата Журт Кыргызстан» партиясы башкалардан алдыга озуп баратат. Мындай шартта мыйзамдуулук, тазалык тыкыр сакталышы керек. Дегенибиз, бул партиядагы №5 талапкер Таалайбек Сарыбашовдун кош жарандуулугу ачыкталып, талкуу жаратканы, ошол эле кезде жасалма диплому аркылуу жогорку кызматтарга көтөрүлгөнү чыр-чатакка себепчи катары чыкканычы?

Дал ушул эки маселеге өзү тыңгылыктуу жооп бере албай, бийликтин адамы катары түрмөгө камалып кетүүдөн сакталып калган. Факты деген өжөр нерсе. Эртеби-кечпи Сарыбашовдун кош жарандуулугу, жасалма диплому ташка тамга баскандай тастык талса, таза шайлоонун түшүнө кедергисин тийгизип, бийликтин абийирин төгүп салбайбы?

УКМК «Социал демократтардан» Рыскелди Момбековдун, «Бүтүн Кыргызстандан» Кыянбек Сатыбалдиевдин жасалма диломдорун көтөрүп чыгып аткандан кийин, «Ата Журт Кыргызстандан» Таалайбек Сарыбашовдун да кыңыр иштерин ачыктап, камакка алса, мына ошондо кара кылды как жарган калыстыктын үлгүсүн жаратышмак. «Бул дүйнөнүкү тиги дүйнөгө кетпейт» деген кеп бар. Элди, мамлекетти алдап, көз боëмочулук кылуу менен эч ким муратка жетпейт.

Алдамчылык жол аркылуу жогорку кызматтарга көтөрүлүп, өмүрү өткөнчө кошоматтанып жүрө албайт да, туурабы? Эмесе, булактын көзүн ачкандай эле чындыкка жетели да…

Булак: Азия News гезити

PS: Баса, кечээ “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Таалайбек Сарыбашевдин дипломун текшерүү боюнча БШКга арыз түштү. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди. ​Ош шаарынын мурдагы мэри Сарыбашовго кандай чара көрүлөт күтө туралы. Буга чейин да Сарыбашовдун диплому боюнча күмөн жараткан маалыматтар чыгып келген. БШК буга чейин “Социал-демократтар” партиясынан депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековду дипломуна байланыштуу шайлоодон четтеткен болчу.

0