«Түркмөн айымдарына ылайык келбеген кийим кийген» эки аял кармалды

356

22-майда Түркмөнстандын Мары шаарында «түркмөн айымдарына ылайык эмес кийим кийгени» үчүн эки аял кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аялдар полиция бөлүмүнө жеткирилип, бир нече сааттык сурактан кийин бошотулду.

«Сурак маалында аларды мындан ары жупунураак кийинүүгө жана коомдук жайларда өздөрүн «түркмөнчүлүк принциптерине ылайык» алып жүрүүгө чакырышты», – деп билдирген радионун аймактык кабарчысы.

Түркмөнстандын мыйзамдарында түркмөн аялдарына «ылайык келген» жана «ылайык келбеген» кийимдердин түрлөрү жөнүндө эч нерсе жазылган эмес. Мындан тышкары Баш мыйзамда алардын коомдук жайларда өзүн алып жүрүшү боюнча белгилүү бир эрежер да жок. Бирок буга карабастан өлкөнүн укук коргоо органдары «түркмөнчүлүк» негиздерин шылтоолоп, аялдарга карата чектөө чараларын күчөтүп келишет.

0