Түндүк Кореяда ысытма оорусуна чалдыккандардын саны 2,2 миллиондон ашты, бир күндө 263 миңден ашуун жаңы бейтап жуктуруп, экөө каза болду,-деп билдирет Кореянын Борбордук телеграф агенттиги.
Бир күн мурда өлкөдө 262 миңден ашуун учур катталган. Каза болгондордун жалпы саны 65ке жетти. 19-майга карата 1,5 миллионго жакын бейтап айыгып, 750 миңге жакыны дарыланууда.
Буга чейин Түндүк Корея пандемия башталгандан бери биринчи жолу өлкөдө коронавирустун учурлары табылганын билдирген. Апрель айынын аягынан тарта өлкөдө “бейтааныш ысытма” жайыла баштаган. Түндүк Кореянын бир катар мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнөн улам өлкөдө коронавирус жайылып жатат деген тыянак чыгарууга болот. Бирок ысытма менен ооругандардын канчасы COVID-19 менен ооруп жатканы тууралуу так маалымат берилген эмес.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын көрсөтмөсү менен » эпидемияга каршы жогорку деңгээлдеги шашылыш тутумду» орнотту, вирустун жайылышын токтотуу үчүн бардык шаарларда жана округдарда карантин киргизилген. Мүмкүн болушунча тезирээк «инфекциянын булагын жок кылуу» милдети жүктөлгөн. Бийлик аскерлерди колдонуу менен аймактарды керектүү нерселердин бардыгы жана дары-дармектер менен камсыздоого аракет кылууда.
Түндүк Кореянын бийликтери керектүү дары-дармектерди, беткаптарды жана коргоочу костюмдарды өндүрүүнү көбөйтүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат. Учурда жалпы улуттук масштабда 30 000 адамдан турган 8 000ге жакын ар кандай тейлөө бөлүмдөрү тургундарды негизги керектөөлөр менен камсыз кылууда, деп маалымдалды.