Төөнүн жарты этиндей болгон Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдү булгаганда

1286

Тескери сүйлөгөн сөзү, жарыбаган иши, кошоматтыгы менен оозго алынган адамдар аз эмес. Алардын ичинен төөнүн жарты этиндей болгон Балбак Түлөбаев өзгөчө орунда турат. Ал пирске орнотулган мончодон жарым жылаңач чыгып, түз эле көлгө секиргени калганда видеого тартылып калган. Самыны менен кири аралаш эргулуңар булгай береби? Бул көрүнүш соцтармакта талкуу жаратып, көпчүлүк элдин кыжырдануусун келтирди. Бирок кеп жебейт экен. Балбак “баатыр” кайсы бийлик келбесин, кошоматка кой союп, бөйпөңдөп, “устукан” алып жүргөнү жашыруун эмес. Мындай өнөрүн Курманбек Бакиевге жүз грамм куюп, кыздарды ырдатып жүргөндө үйрөнүптүр. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, бүгүнкү бийликчил депутаттардын ичинен жарга түртчүсү да ушул эмеспи?

Булак: “Азия Ньюс” гезити

+1