Улуу инсан Чыңгыз Айтматовдун эстелиги нукура өзүнүн түспөлүндөй, элестүү, таалимдүү болуу керек.
Элестетип көрсөңүз-Орустун улуу акыны А. С. Пушкиндин эстелиги Орусиянын ири шаарларында, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө акындын бүтүндөй турпаты менен тургузулган эстеликтер көп. Канчалаган кылым, өтсө да өзгөргөн жок. Ойлуу турган акын, кечээ эле эл арасында жүргөндөй, тирүүсүндөй сезилет. Аны биз көргөнүбүз жок тирүүсүндө, бирок эстелиги кечээ эле тургузулгандай. Көрсө А. С. Пушкин дүйнө элдеринин канына сиңип, акыл-эс ордосунан орун алып даанышман акын катары калган тура. 19-кылымдын залкары, көзү ачык, акыл көрөңгөсү мол, келечекти көрө билген даанышман, адамдардын адам болушуна кеңеш берген олуя ааламдын бүгүнкүсүн, эртеңкисин дааналаган Чыңгыз Айтматовдун эстелиги, А.С. Пушкиндин дал өзүндөй, өмүр бою жаш бойдон тура турган эстелигин тургузбай келебиз.
Ооба, борборубуз Бишкекте тургузулду. Ал учурунда көптөгөн сындарга да тушукту, жакшы ойлор, пикирлер айтылды. Ошондон улам Талас облусунун Кара-Буура районунун борборунда 2011-жылы Бишкекте өткөн кароо-конкурсунда Кыргыз эл баатыры, акын Сүйүнбай Эралиевдин, Роза Айтматовалардын сунушу же жактыруусу боюнча Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү тандалып, Чыңгыз Айтматовдун 50 жаш курактагы эстелиги тургузулган. Турган турпаты, түспөлү окшоштугунан да, анын алыска үңүлө караган, ойчулдугуна чейин даана чагылдырган. Ал эстелик бүгүнкү күндө да, ыйык жай бойдон турат.
Чолпон-Ата шаарында Ыссык-Көлдүн жээгинде курулган “Чыңгыз-Ордодо” Ч. Айтматовдун скамейкада оң бутун сол тизесине учкаштырып олтурган түспөлү дал өзүндөй эстелик бар. Ал терең ойдо олтургандай сезилгени менен сени менен аңгеме-дүкөн кургандай баамдалат. Чын эле сол колуңду анын тизесине коюп баарлашасың. Ал сага карап, баамдап турат. Аз убакытта анын жанында олтуруп рахат аласың. Чын эле ичиңден сүйлөшөсүң, кубанасың. Тагдырыңа ыраазы болосуң… Кыргыздардын ошол Ыссык-Көлдөн өткөн көчмөндөр оюндарын көрүүгө келген меймандардын ушул эстелик алдында сүрөткө түшүү үчүн атайын кезекке турушуп, көп убакыт күткөнүн көргөндөр сөз кылышат.
Мына чет элден келген коноктордун тарыхый инсанга мамилеси! Ал эми биздечи ??? Ошол 2019-жылы Шекерде эстелигин тургузабыз, буйруса Чыңгыз Айтматовдун дал өзүндөй бийиктиги 18-20 метр болот дешпеди беле. Анан, Россиянын Ростов-на-Дону шаарына коюла турган эстеликти коюп эле коебуз деген депутаттар чыкты. Аны депутаттар алып да келишиптир. Азыркы күндө “Шекерде” бирөөнүн сарайына “камап” коюптур. Эч кимге көрсөтпөйсүңөр деп катуу тапшырма беришиптир деген каңшаар элге тараган. Ал ошол бойдон дайынсыз. Чынында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги жогоруда сөз болгондой жогорку касиетке ээ болуш керек. Сүрөтчү-скульпторлор көп. Алардын эмгектери комиссия тарабынан бааланыш керек. Облуста атайын түзүлгөн комиссия бар. Ошолор Манастын Ордосундагы эстеликти тандап, колдоо тапкан. Мисалы эстеликтин бийиктиги, айланасындагы кырк чоролордун эстеликтери, кире бериште Бакай ата менен Каныкей энебиздин эстеликтери ж.б.у.с. Ушунусу менен Манас ата эстелиги түбөлүктүү тургандай сезилет… Чыңгыз Айтматовдун эстелигин таптык, ушуну эле коебуз деш “осолдук”, Чыңгыз Айтматовду сыйлабагандык. Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орустардын А. С. Пушкиндикиндей кылымдарды карытып, урпактан-урпактарга калгандай денгээлде болушу абзел.
2018-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө уюштуруу комиссиясынын отуруму болуп, ушул маселе талкууланган. Ага депутаттар жана башка тиешелүү адамдар катышып, “Чыңгыз-Ордо” комплексинин курулушуна 69 млн. сом бөлүнмөк болгон. Бирок отурум-отурум бойдон калып, ушул күнгө 31 млн. акча каражаты жумшалып, калганы эстеликтен келип чыккан чырдан улам курулуш иштери токтоп калды. Ошондон улам “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп ың-жыңсыз. Эстүү, баштуу “атка минерлер” терең ойлонушпаса иш жылчудай эмес… Ойлонгула Журт башчылары, калк арасында “Уят өлүмдөн катуу” деген аңыз сөз бар. Турция, Өзбекстан, Казахстан, Орусия жана башка өлкөлөр Чынгыз Айтматов атындагы парк, бийик эстелик, ири шаарларындагы проспектилерди,көчөлөрүнө аталыштарын атап жатса, биздикилер… Чынгыз Айтматов 2023-жылы 95 жашка чыкмак. Ал күнгө куру жалак барсак, АРБАК алдында кандай абалда калабыз-Я!!! Мурунку К.И. Скрябин атындагы айыл-чарба институнда 1980-85-жылдары Сулайманов агайыбыз Японияга барып, япондор кыргыз улутун билишбей, Чыңгыз Айтматовду билгендерин агай айтып берди эле. Дүйнөдө кыргызды тааныбаган калк бардыр, бирок Чыңгыз Айтматовду жакындан билген адамдар сансыз… Биз кыргыз эли, Чыңгыз Айтматовду тирүүсүндө кандай урмат кылсак, азыр андан да жогору урмат менен мамиле кылалык! Анткени Чыңгыз Айтматов космостон карап, баамдап турат!!! Биз унчукпасак, Сиз унчукпасаңыз анда ким унчугат? Айтып койгондон кийин аткарыш-ЭРДИК. Аткарбай койгон бул КЕМТИК!!! Убададан тайыш бул-СӨЛТҮК!!!
Төлөгөн Наралиев, экс-аким, Апрель Баатыры