Ө.Суваналиев: Коңшулар менен карым-катышты бекемдөө менен мамилени чыңдай беребиз

467

23-апрелде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектеш облустарынын башчыларынын жолугушуусу Ферганада өтөт.

Ага Кыргызстандан Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджобий Ахмодзода, Өзбекстандын Фергана дубанынын губернатору Хайрулло Бозоров баштаган делегация катышат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев ырастап, сүйлөшүүлөрдө экономикалык кызматташтыкка басым жасаларын билдирди:

“Чек аралар такталып, маселе чечилгенге чейин биз экономикалык байланыштарды чыңдашыбыз керек. Карым-катышты бекемдөө менен мамилени чыңдай беребиз. Ал эми чек араларды тактоо – өкмөттөр аралык атайын комиссиянын иши. Аны күтүп турбай, ыйгарым укутарыбызга ылайык милдеттерибизди аткарып, чектеш аймактарда мамилени бекемдөөго аракеттенебиз”.

Суваналиев жетектеген делегация Ферганага 22-апрелде жөнөп кетти.

Сапар учурунда үч мамлекеттин ишкерлеринин бизнес-форуму өтөрү кабарланды. 

0