Суу-чарба департаментин мите курттай соргон Таштаналиевдин артын казып койсоңор боло…

220

Жаңы жылдан кийин куралган жаңы ɵкмɵттүн курамында Айыл-чарба министрлигинин тармактары абдан кеңейди. Министр Аскар Жаныбеков ɵзүнɵ караган тармактарынын так багытын али күнчɵ аныктай албай олтурат. Мына ушул министрликтин курамына кирген Суу-чарба тармагын, башкача айканда Суу-чарба департаментин акыркы 10 жылдан бери жетектеп олтурган Кɵкүмбек Таштаналиевдин ишмердүүлүгүн тиешелүү органдар иликтɵɵгɵ алса кɵп нерсе ачыкка чыгат эле. Башкы прокуратура, УКМКнын тиешелүү бɵлүмдɵрү тыкыр иликтɵɵ жүргүзүп койсо Таштаналиевдин «маскасы» сыйрылат эле.

Эсиңиздерде болсо пенсия жашынан ɵтүп кетсе дагы Суу-чарба агенттигин 10 жылдан бери башкарып келе жаткан жетекчиси Кɵкүмбек Таштаналиев боюнча бир учурда Жогорку Кеңештин агрардык комитетинде дагы маселе кɵтɵрүлгɵн. Бирок, ал иштин аягы эмне болуп бүткɵнүн эч ким билбейт. Эбин таап ал иштерин «дым-дым» кылган. Айтор, акырын жүрүп алып Суу-чарба тармагын атасынан мураска калгандай пайдаланган Кɵкүмбек Жумагуловичтин жетекчи болуп иштерген жылдарындагы тендер, долбоорлор боюнча алып барган иштерин тиешелүү органдардын иликтɵɵгɵ алышын ɵтүнɵбүз!

0