Судьялар кеңеши эки сотту мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотууга макулдук берди

212

4-августта Судьялар кеңешинин кезектеги жыйын эки сотту кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алды. Жыйында Тартип комиссиясынын бүтүмү угулуп, ал талкууга алынды.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жакында азыр Тоң райондук сотунун төрагасы болуп иштеп жаткан Ниматилла Каримбековго карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ошондой эле Замирбек Базарбеков Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражановага карата да чара көрүү суралган.

Судьялар кеңеши аты аталган эки сотту мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушун президент Садыр Жапаровго жолдошту.

Ошондой эле Бишкектин Биринчи май районунун судьясы Нурдин Ибраимовго, Чүйдүн Кемин районунун судьясы Аманбек Төлөнбаевге карата мындан ары иште кемчилик кетирбөөсүнө эскертүү берилди.

Талас облусунун Кара-Буура районунун судьясы Гүлмира Бапанованын да иштеги кемчилиги белгиленди.

Быйыл 6-июлда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өспүрүмдөргө жасалган кылмыштар боюнча судьялар туура эмес чечимдерди көп кабыл алып жатканын Чүй облусунда соттор менен жолугушканда айткан.

Базарбековдун айтымында, айрым судьялар өспүрүмдөргө жасалган кылмыш иштерин карап жатып өзгөчө оор кылмыштарды анча оор эмес кылмыштарга квалификациялап, айыпталуучуларды жазадан бошотуп жиберип жатканын белгилеген.

0