«Стратегиялык чечимдер» коомдук уюму президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду

830

Кыргыз Республикасынын Президенти, сот жана укук коргоо иштерин жакшыртуу маселелери боюнча кеңештин төрагасы С. Н. Жапаровго ачык кайрылуу

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

“Стратегиялык чечимдер” коомдук фонду сизге сый-урматын билдирүү менен, учурда Башкы прокуратуранын жетекчилиги астында жүзөгө ашырылып жаткан мыйзамдардын кылмыштуулукка тиешелүү блогунда жаңы кодекстердин долбоорун иштеп чыгууга байланыштуу сизге кайрылат.

Сиздин Сот жана укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча Кеңешти түзүү жөнүндө 2021-жылдын 31-мартындагы жарлыгыңызды жана жакында элге кайрылууңузду канааттануу менен кабыл алдык. Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү, укук коргоо жана көзөмөл органдарын модернизациялоо, соттордун көзкарандысыздыгын чыңдоо боюнча дагы чечкиндүү кадамдар жасала тургандыгына үмүттөнүп, коом бул иш-чаралардын натыйжаларын жакынкы келечекте көрөт деген ишеним пайда болду.

Бул өлкөнүн алдында турган кыйынчылыктарга чыныгы жооп болот деп ойлойбуз. Акыркы жылдары коомдо сот реформасынын темпи жана мазмунуна жана укук коргоо жана сот органдарын модернизациялоого байланыштуу көптөгөн суроолор пайда болду. Бүгүнкү күндө кайда гана барбайлы, милициянын, прокурорлордун жана соттордун ишмердүүлүгү жөнүндө агрессияны, сын-пикирлерди көрөбүз. Бул маселелер ондогон жылдар бою катмарланып келе жаткан жана 2002, 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы окуяларга, Ала-Тоо аянтындагы жарандарыбыздын трагедиялуу өлүмүнө, митингдердин себептеринин бири коррупцияга байланыштуу көйгөйлөр болгонуна карабастан жана укук коргоо органдарынын, прокуратуранын жана соттордун адилетсиз жана ачык-айкын эмес тутумуна каршылык көрсөтүү булардын себептеринин бири болгондугуна карабастан чечилбей келет.

Тилекке каршы, бир топ жылдан бери бийлик укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарын реформалоо боюнча катуу билдирүүлөрдү жасап келишкен, бирок алар жарыялаган реформа аягына чейин чыккан эмес. Элдин кыжырдануу толкунунда бийликке келген бардык президенттер, прокурорлор, министрлер ушул органдардагы системалык коррупциядан жеңилип, анын бир бөлүгү болуп кала беришти. Бул жааттагы Кыргызстандагы реформалардын көпчүлүгү кагаз бетинде калып келген. Ал мыйзамдардын өзгөрүшү менен гана аяктады. Азыр дагы ошондой болуп жатат. Ошол эле учурда мыйзамдарды иштеп чыгуучулардын сапаты барган сайын начарлап баратат. Бирок мыйзамдарды кайра жазуу, аларды укук коргоо кызматкерлери жана мыйзамды аткаруучулар өздөрү аткарбаса, эч нерсе чечпейт. Мыйзамдардын солдон оңго, андан кийин оңдон солго кайра жазылып жатканынан карапайым адамдардын жашоосунда эч нерсе өзгөрбөйт. Алардан адамдардын көйгөйлөрү азайган жок, көйгөйлөр бир нече жылдан бери чечилбей келе жатат, алар дагы деле болсо милиция-прокуратура-сот ээнбаштыгына, анын ичинде кыйноолорго, бейбаштыкка, опузалап талап кылууга дуушар болуп келе жатышат.

Эң башкысы аткарылбай жатат, тактап айтканда Ички иштер министрлигинин, прокуратуранын, коопсуздук органдарынын, тергөө кызматтарынын, ыкчам-издөө кызматтарынын ички иштеринде эч кандай өзгөрүүлөр жок. Уюштуруу жана башкаруу реформалары, аларды демократиялаштыруу ушул системалардын ичинде жүргүзүлбөй келет. Алар ондогон жылдар бою модернизацияланган эмес, тескерисинче, алар коррупция, сенектикке, деградация жана мыйзамсыздык туңгуюгуна дагы тереңдеп кирип бара жатышат. Бүгүнкү күндө биз алардын коомдун саясий кысымы жана көзөмөлүсүз өздөрүн реформалоо ишин жасай албастыгын көрүп жатабыз. Жакында эле бул дагы бир жолу тастыкталды. Укук коргоо жана көзөмөл органдарынын кесиптик жактан жараксыздыгы бүткүл коом кайрадан козголуп өлтүрүлгөн кыздын иши боюнча абал ачыкка чыкканда, күч блогунун уюштуруучулук, башкаруучулук жана түзүмдүк реформалары жүргүзүлбөй жаткандыгынан адам жоготууларга айлана баштаганына күбө болдук. Ушул учурда колдо болгон каражаттардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн, анын ичинде мыйзамдык көз караштан алганда, Ички иштер министрлигинде эч кандай чектөөлөр жана тоскоолдуктар болгон эмес. Бул көп мисалдын бири гана.

Бүгүнкү күндө биз укук коргоо органдарына болгон ишеним деңгээли жогорулабай, тескерисинче жылдан жылга начарлап бараткандыгын көрүп жатабыз. Алардын кесиптик деңгээли учурдун талабына жооп бербей турганы анык. Алар биздин жалпы өнүгүшүбүзгө тоскоол болушууда, ресурстарды, адамдардын ден-соолугун жана тез өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жеп жатышат.

Ушундан улам, биз Сиздин Жазык, Жазык-Процессуалдык, Жазык-Аткаруу, Административдик жана башка мыйзамдардын колдонулушун талдоо боюнча жумушчу топту түзгөнүңүз, ушул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталып, олуттуу ачык диалог болуп, коом менен бирге олуттуу иш жүргүзүлөт, укук коргоо органдарынын, прокурорлордун жана соттордун кетирген каталары боюнча иштер жүрүп, чыныгы реформалар башталып, анын борборуна АДАМ, экономикалык өнүгүү жана укук коргоо секторун модернизациялоо коюлган деп ойлодук.

Бирок, андай болгон жок. Биздин өлкөдө жаңы кодекстердин долбоорлорун иштеп чыгуу процесси кандай жүрүп жаткандыгын көрүү, өз өлкөсүн сүйгөн жана адам укуктарын коргогон жарандардын бул ишке толугу менен көңүл калуусун жана ишенбөөчүлүгүн гана жаратат.

Бул иштин башында турган орган катары көрсөтүлгөн Башкы прокуратура тарабынан бул иштин башынан эле дискредитациялангандыгын Сизге маалымдайбыз.

Биринчиден, прокурорлор мыйзам чыгаруу процессинин чынчылдыгын жана ачыктыгын, бардык кызыкдар топтордун катышуусун камсыз кыла алышкан жок. Бул топтун ишинин алгачкы күндөрүндө журналисттер талкууланган маселелерди туура түшүнө алышпайт деген шылтоо менен, журналисттерге жабык болду, бирок журналисттер талкуу иш-аракеттерин бурмалоолорсуз, кандай айтылса ошондой эле так чагылдырып башташкан. Кодекстердин долбоорун иштеп чыгуу аяктаганга чейин процесс жабык, көшөгө артында иштелди. Жумушчу топтун ишинин графигин алуу мүмкүн эмес болду, алар эч жерде ачыкка чыккан жок. Топ жарандык коом, эксперттик уюмдар менен жолугушкан жок.

 Прокуратура коомчулукка жана кызыкдар жактарга кодекстердин долбооруна жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылган эмес. Жада калса Жумушчу топтун мүчөлөрүндө дагы алар болгон жок. 2021-жылдын апрелинде кодекстерди иштеп чыгуу процесси жүрүп жаткан учурда, ЖТ мүчөлөрүнө долбоорлордун тексти кагаз түрүндө да, электрондук форматта да берилген эмес. Иш  үн аркылуу, проектор экранынан гана жүргүзүлүп, чынчыл жана ачык мыйзам чыгаруу процессинде болбой тургандай алып барылды.

Биринчи тексттер 2021-жылдын 7-майында Жогорку Кеңештин сайтына 4 кодекстин долбоору жайгаштырылгандан кийин гана коомчулукка белгилүү болду. Бирок, бул тексттер акыркы эмес экени белгилүү болду (иштеп чыгуучулар өздөрү айткандай “чийки”). Прокуратура башкы иштеп чыгуучу катарында тексттерди параллель иштөөнү уланта берген. Демек, актуалдуу эмес мыйзам долбоорлору коом үчүн жөн гана көргөзүү максатында, ЖКда коомдук талкуу жүргүзүү үчүн талап кылынган мөөнөттөрдү расмий түрдө сактоо максатында гана жайгаштырылган. Бирок, муну коомдук угуулар деп атоого болбойт, айрыкча, бүтүндөй коом үчүн, мисалы, миллиондогон жарандарыбыздын укуктарына тиешеси бар мыйзам долбоорлору боюнча, алар эртең жаңы түзүлүп жаткан системанын барымтасында калышы мүмкүн. Мындай иште ушундай ыкма болбогон нерсе.

Долбоорлордун акыркы версиясы 2021-жылдын 31-майына караган түнү Башкы прокуратуранын сайтында пайда болгон. Ал эми буга чейин 2021-жылы 2-июнунда Башкы прокуратура аталган долбоорлорго сунуш-пикирлерди алуу үчүн презентация уюштурган. Ошол эле учурда адамдарга аларды изилдөө үчүн мүмкүнчүлүк жана жетиштүү убакыт берилген эмес. Бир эле Кылмыш-процессуалдык кодекстин текстинде эле 500дөн ашык берене бар! Жогорку Кеңештин депутаттары жана эксперттик коомчулук кантип эки күндүн ичинде ушундай массивдеги маалыматтарды талдап бүтүшөт? Эгер чын эле иштесе, аны бир нече айдын ичинде да жасоо кыйын. Бул жөн гана адамдарды сыйлабастык, мыйзам чыгаруу жол-жобосун жокко чыгаруу жана жарандардын чечим кабыл алууга катышуу укугун бузуу.

Жогорудагы кодекстердин долбоорлордун презентациясын коом менен чынчыл диалог деп атоого болбойт. Талкуу учурунда Башкы прокуратура тарабынан уюштуруучулар катышуучуларга мамлекеттик жана расмий тилдеги презентация тексттерин алууга мүмкүнчүлүк беришкен жок.

Укук коргоо жана көзөмөл органдары элди, депутаттарды, эксперттерди, бизнес коомчулугун жана жалпыга маалымдоо каражаттарын алар менен кеңешүү керек деп эсептебей туруп эле, компьютердин экранындагы жөн гана сүрөткө айландырып жаткандыгын дагы бир жолу көрүп жатабыз. Мыйзамдар укук коргоо жана көзөмөл органдарынын кызыкчылыгы үчүн эмес, адамдардын кызыкчылыгы үчүн, коомдун социалдык, экономикалык жана укуктук өнүгүүсү, адам укуктарын коргоо үчүн жазылат эмеспи.

Чынчыл мамлекеттик органдар өз эли менен ушундай иш алып барышабы? Прокуратурага мыйзамдарды өз кызыкчылыктарына ылайык жазууга ким укук берди? Эгер биз элден сурасак, бир дагы жаран прокуратура, Ички иштер министрлиги, УКМКнын ыйгарым укуктарын күчөтүүнү каалайбыз деп айтпайт деп ишенебиз. Бул укук, Конституцияга ылайык, элде гана бар. Ал бул укукту мамлекеттик органдарга анын атынан мыйзам жазууга берет. Конституцияда Кыргыз Республикасында “элдин бийлиги бардык бийликтин элге таандык болуу принциптерине, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоого, мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга эркин жана реалдуу жетүүгө негизделет”; мамлекеттик бийлик “мамлекеттик органдардын … жана алардын кызмат адамдарынын ачыктыгына, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусуна негизделет” деп айтылат. Ошондой эле Конституцияда “мамлекет жана анын органдары анын кандайдыр бир бөлүгүнө эмес, бүтүндөй коомго кызмат кылат” деп айтылат; “жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан маалымат алуу, … аларды жайылтуу, сөз эркиндиги укугу кепилденет”; жарандар “коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз жана өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу”, “мыйзамдарды жана республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу” деп айтылат.

Экинчиден, кодекстерди реформалоо боюнча жүрүп жаткан иштердин  саясий жана укуктук негиздери кооптонууну жаратат. Ал бузулган. Ал Президенттин элге кайрылуусу жана “Сот жана укук коргоо ишмердүүлүктөрүн өркүндөтүү боюнча кеңеш жөнүндө” жарлыгынын ченемдик укуктук базасы менен дал келбейт.

Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топтун, андан кийин Президенттин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 14-апрелиндеги No78 буйругунда кайталанган буйругунда, “кодекстерди жана мыйзамдарды жөнгө салуунун толуктугу жана жетиштүүлүгү боюнча, боштуктарды, ички карама-каршылыктарды жана коррупциялык көрүнүштөрдү четтетүү, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону сактоо, сот адилеттигинин принциптерин сактоо, сот адилеттигине жетүүнүн толуктугун камсыз кылуу” жана жыйынтыгы боюнча” Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча кеңешке тийиштүү сунуштарды киргизүү” тапшырмасы болгон.

Бирок Башкы прокуратура талдоонун жана сунуштардын ордуна кодекстерди кайра карап чыгууга киришти. Ошол эле учурда мыйзамдарды реформалоо боюнча так негиздемеси жана аргументтери бар Концепция иштелип чыккан эмес. Мыйзам долбоорлорунун концепциясын иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу процессинин милдеттүү талабы болуп саналат. Жазык кодексинин жана Жазык-процесстик кодекстин колдонуудагы ченемдерине талапка ылайык талдоо жүргүзүлгөн жок; криминологиялык изилдөөлөр жана эсептөөлөр берилген эмес. Болгону өткөн кылымдагы укуктук тутумдун айрым институттары жөн эле кайтарылып келгени жатат.

Биз мамлекеттеги кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү саясатты ким аныктап жаткандыгын түшүнгүбүз келет? Эмне үчүн Президенттин кайрылуусунда жарандардын тилектери чагылдырылбай жатат?

Кодекстердин долбоорлору 2021-жылдын 31-майында жарыялангандан кийин аларды көрүп, Президенттин айткандары менен Башкы прокуратуранын иш процесси кандайча уюштурулуп жаткандыгын, алардын ортосундагы айырмачылыктарга дагы бир жолу ынандык. Тилекке каршы, алар начар иштелип чыккан, башаламан жана структуралаштырылбаган мүнөзгө ээ, беренелерде карама-каршылыктар жана тексттин кайталанышы бар, буга чейин кылмыш жоопкерчилиги жок болгон иш-аракеттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу кирип кеткен. Аларды ушул абалда кабыл алуу, биринчи кезекте Кыргызстандын жарандарынын укуктарынын корголушунун деңгээлине таасир этет. Кылмыш-жаза репрессиясынын ийкемдүүлүгү төмөндөйт, анткени көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй мыйзамсыз аракеттердин үч баскычтуу структурасынын ордуна (кылмыш – кылмыштуу укук бузуу – бузуу)  Советтер Союзунда колдонулган эки баскычтуу режимге (кылмыш – административдик укук бузуу) кайтуу сунуш кылынып жатат. Бул абакта отургандардын санынын өсүшүнө жана кылмыштуу субмаданияттын коомго жайылышына шарт түзгөн ашыкча криминалдаштырууга алып келет. Эки кодекстин, кылмыштар да, кылмыштуу жоруктар да камтылган кодекстердин алынып салынышы, Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет. Бул эл тарабынан жаңы кабыл алынган Конституцияга түздөн-түз кол салуу.

 Үчүнчүдөн, Президенттин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 14-апрелиндеги №78 буйругу менен түзүлгөн кодекстерди изилдөө боюнча Жумушчу топтун курамы көңүлдү чөгөрөт. Тилекке каршы, Президенттин Администрациясы Жумушчу топтун салмактуу жана компетенттүү курамын түзө алган жок. Ал күч органдарынын ашыкча жана бир тараптуу кысымына туруштук бере алган жок. Жумушчу топтун курамын талдоо көрсөткөндөй, анын мүчөлөрүнүн 70% укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын иши менен тыгыз байланышкан башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери түзөт. Алар өзүлөрү үчүн мыйзамдарды жазып жатышат. Долбоорду даярдоо учурунда Жумушчу тобу жарандык коом, эксперттер жана башка кызыкдар тараптар менен жолугушкан жок. Анын курамында эл аралык келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөөчү Тышкы иштер министрлигинин, Акыйкатчы Аппаратынын, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун, Финансылык чалгындоо агенттигинин, бизнес коомчулугунун, адам укуктары жана гендердик уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана медиа коомчулуктун өкүлдөрү кирген эмес. Алгач пробация кызматкерлери менен сот аткаруучуларды да курамга кошууну унутушкан.

Төртүнчүдөн, Жумушчу топтун эксперттик потенциалы начар. Тилекке каршы, ага мурунку мезгилде калган жана кылмыш жана административдик сот адилеттигинин заманбап түшүнүктөрүн түшүнбөгөн көптөгөн адамдар кирген. Бул процесстин лидерлеринде дагы Кыргызстанда өткөн жылдарда болуп өткөн реформа жөнүндө толук маалыматы жок, эл аралык стандарттарды билбейт, дүйнөдө болуп жаткан жана биздин өлкөдө болуп жаткан ошол зор өзгөрүүлөрдүн мазмунун тереңден билишпейт. Дүйнөнүн башка өнүккөн өлкөлөрүндөй эле, биздин мамлекет дагы социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүсү жагынан алдыга чыккан заманбап укуктук мамлекетти куруу максатында, бизде заманбап милиция, тергөө, прокуратура, санарип сот жана башкалар болуусу үчүн жасалган аракетти бишипейт. Алар эски советтик түшүнүктөрдүн туткунунда, 10-15 жыл мурдагы билими менен кала беришкен. Алар өздөрү иштеп жаткан тармактын заманбап кыйынчылыктарын жана аларды башкаруу куралдарын түшүнүшпөйт. Бул кыйынчылыктар барган сайын көбөйүп баратат жана аларга заманбап ыкмаларды жана куралдарды колдонуу менен жооп берүү керек.

 Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Алар 1997-жылкы кодекстерге кайтып баргысы келет деп уккандырсыз. Булар адам укуктары жетишсиз корголгон кодекстер, аларда кыйноолорго, коррупцияга, жарандардын конституциялык укуктарын бузууга алып келген көптөгөн жоболор бар. Алар адам укуктарын коргоо тутумунда иштей албайбыз, ошондуктан өлкөдөгү жетишкендиктерди өз түшүнүктөрүнүн деңгээлине жеткирүү үчүн артка кайткыбыз келет деп жатышат. Ошентип, укук коргоо тутумунун кызыкчылыгы үчүн адам укуктарын курмандыкка чалууга аракет жасалууда. Мунун бардыгы учурдагы кодекстер начар жазылган деп нааразы болгон учурда жасалды. Бул чындыкка туура келбейт. Ошондой эле институттар башка өлкөлөрдө мыкты иштеп жатышат. Кодекстерди оңдоо жөнүндө айта турган болсок, бул мыйзамдын мыкты болушуна жеткирүү үчүн, укук иш тажрыйбасын колдонуу практикасын эске алуу менен туруктуу негизде жүргүзүлүшү керек болгон табигый процесс. Бирок эмне үчүн укуктук саясаттын концептуалдык негизин эмнеге бузуш керектиги такыр түшүнүксүз? Анын үстүнө, кылмыш мыйзамдарын гана эмес, иш жүзүндө административдик жол-жоболордун жана административдик сот адилеттигинин өнүгүшү сындырылып жаткандыктан, азыр бул тармактар ​​кайрадан Советтер Союзундагыдай аралашып кетти.

Бирок бул кандай болушу мүмкүн? Өлкөнүн жетишилген өнүгүү деңгээлинен жана адам укуктарынын жетишилген деңгээлинен кантип артка кайтууга болот? Бул Конституцияга да каршы келет. Бардык өлкөлөр жаңы бийиктиктерге көтөрүлүп алдыга кетип жатышат жана бул прогресс адам укуктарын коргоо аркылуу гана камсыздалып жатат. Эмне үчүн бизде баары  тескери кетип баратат? Эмне үчүн башка өлкөлөрдө бардыгы ийгиликтүү иштеп жатат, а бизде иштеген жок? Балким, кеп акыркы эки жыл ичинде реформага активдүү саботаж жасап, анын кадырын кетирген конкреттүү аткаруучуларда болуп жатпасын? Болгону бардык укук коргоо жана көзөмөл органдарын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык иштөөгө мажбурлоо керек.

Кылмыш жана административдик сот адилеттиги жаатындагы кыргыз мыйзамдары бул жылдар аралыгында бир топ алдыга озуп кеткендигин түшүнүшүбүз керек. Бул мыйзамдарда адам укуктары бир нече тепкичке бийик көтөрүлгөн. Бул көптөгөн эл аралык стандарттарга жооп берет. Мыйзамдар адамдарга ылайыкташып, аны коргоого, коопсуздук күчтөрүнүн коррупциясынан, алардын кысымынан, кыйноолорунан жана опузалап коркутуп-үркүтүүлөрүнөн сактоо үчүн түзүлгөн.

Кылмыш-жаза тутумуна кирип жаткан жаран, биринчи мүнөттөрдөн эле дароо өзүнүн жактоочусуна ээ болуп, өз ишин коргоого, аны ачык сот процессинде далилдөөгө мүмкүнчүлүк алат. Бизнестин таш-талканын чыгарып жана тергөө алдындагы текшерүү аркылуу  жеке мүлк тартылып алынып кетпеши керек. Адамдар болор-болбос кылмыштары үчүн эркиндигинен ажырабашы керек.

Бүгүнкү күндө күч органдары бул укуктарды коомчулуктан алып койгусу келет. Жаңы шарттарда иштеп, коомдун өнүгүү деңгээлине жетүү аларга кыйын болгондуктан гана алар ушуга барып жатышат.

  Акыркысы бешинчиден, бул эң башкысы. Башкы прокуратура тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн мазмунуна токтолгубуз келет.

Урматтуу Президент!

Кодекстин долбооруна Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана башка күч кызматкерлери киргизип жаткан коркунучтуу кемчиликтерге көңүл бурууну өтүнөбүз. Кыскасы, төмөнкүлөр жөнүндө сөз болуп жатат:

– иштин тоталитардык коркунучтуу ыкмаларына кайтууга бурулуп бара жатышат, Башкы прокуратура КЖКнын долбооруна 1997-жылдын кодекстеринен ченемдерди киргизүүдө. Тергөө алдындагы текшерүү институту кайтарылып келүүдө, анын жүрүшүндө соттук көзөмөл жок, адамдардын укуктук абалы аныкталбайт жана ошого жараша эч нерсе менен корголбойт, коррупциянын элементтери пайда болот;

– кодекстердин жоболору адам укуктары боюнча бир катар эл аралык стандарттарды, ошондой эле Кыргызстан ратификациялаган эл аралык конвенцияларды бузса; юридикалык жактардын кылмыш жоопкерчилиги негизсиз алынып салынган;

– мыйзамдарды катаалдаштыруу, гумандаштыруудан баш тартууга бара жатышат (жазанын мөөнөтү күчөтүлгөн, ошондой эле жашы жете электерге карата санкциялар);

 – ЕРППни жок кылуу менен статистиканын биримдиги жана катуулугу жок болуп, мурунку жылдардагы ведомстволук, чачыранды статистикага кайтып келүү коркунучу пайда болду, алар кылмыштуулук менен жүрүп жаткан чыныгы процесстерге эч качан дал келбеген, бурмаланган жана түшүнүүгө мүмкүндүк берген эмес. Ушундан улам, мамлекет эч качан өзүнүн кылмыштуулук боюнча саясатын туура түзө алган эмес.

– Жоруктар кодексинин жоюлушу менен бардык кылмыш иш-аракеттеринин так түзүмү, алардын түз тепкичтер менен курулган так классификациясы жок кылынат, мында бардык кылмыш иштери майда-чүйдөдөн өтө оорлоруна чейин текши тизилген эле. Бул “тепкичтин” бузулушу кылмыш иш-аракеттерин квалификациялоодо көйгөйлөрдү жаратат, адамдардын абалын начарлатат, аларды манипуляциялоо оңой болот. Бул процессте канчалык көп башаламандык болсо, ошончолук коррупцияга жол ачылат;

– мындан тышкары, прокуратура органдарынын сунуштарына ылайык жоруктарды Жазык кодексине киргизүү, аларды автоматтык түрдө криминалдаштырат. Башкача айтканда, жасалган кылмыштарды оор жана өзгөчө оор кылмыштардан ажыратып, аларга соттуулугу жана эркинен ажыратуу жазасы жок кылмыштар статусун берүү максатында өзүнчө Жоруктар кодексинде атайын бөлүнүп берилген болсо, эми аларды Жазык кодексине киргизип оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кошуу менен, ар кандай оорчулуктагы кылмыштардын ортосундагы чек араны жок кылууга алып келет жана алар прокурорлорго адамдарга каршы колдонуп, анын ичинде коррупция үчүн эшикти ачууга мүмкүнчүлүк берет.

Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн бардыгын биз беренелер боюнча майда-чүйдөсүнө чейин далилдеп жана көрсөтүп берүүгө даярбыз.    

Урматтуу Садыр Нургожоевич,

Ошентип, Башкы прокуратуранын Жумушчу тобу тарабынан кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөрдүн аркасында, кылмыш сот адилеттиги жаатында жылыш болбой, чоң регрессия болуп жатат.

Акыркы 20 жылда Кыргызстанда эч качан адам укуктарына, коомдун кызыкчылыктарына, экономикалык өнүгүүгө жана биздин жалпы келечегибизге мындай коркунуч болгон эмес.

Дагы бир жолу укук коргоо, көзөмөлдөө жана башка укук коргоо органдарынын кызыкчылыктарын коргоо максатында коомчулукка чыккынчылык жасалып жатат.

 Бул реформа өтө сезимталдуу, ал ойлонулган жана олуттуу мамилени, укуктук иш таюрыйбасын колдонуу практикасын талдоону, кеңири жана ачык коомдук консультацияларды, макулдашууларды талап кылат. Ар бир проблеманы өзүнчө изилдөө керек. Бул реформа коопсуздук күчтөрүнүн ведомстволук кызыкчылыктарына эмес, акыркы алуучунун кызыкчылыгына багытталууга тийиш.

Ошондуктан аны шашылыш түрдө жасоого болбойт. Аны азыркыдай бир органга, болгондо да Башкы прокуратура жана укук коргоо органдарына тапшырууга болбойт. Алар талкууланып жаткан проблемаларды объективдүү карай алышпайт.

Биз сизге өлкөнүн Президенти катары сот жана укук коргоо органдарын реформалоо процессин көзөмөлгө алуу, жазык, жазык процессуалдык жана жазык аткаруу кодекстерин кароодо аналитикалык иштер жүргүзүлүп,  мыйзамдарды өзгөртүү Концепциясы жазылып бүткүчө кийинкиге калтыруу өтүнүчү менен кайрылабыз.

 Ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын бардык иш-аракеттерин бирдиктүү стратегиялык документ менен бекемдөө, аны кылмыш сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун бир Стратегиясынын алкагында консолидациялоо зарыл, бул бардык реформанын ишин тартипке келтирүүгө жана  бир стратегиялык документке синхрондоштурууга мүмкүндүк берет.

«Стратегиялык чечимдер» коомдук уюмунун атынан

Л. Ч. Сыдыкова

 Г. Р. Маматкеримова

0