Статистика: Дагы 376 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап каза болду

99
Gestellte Aufnahme. Symbolfoto: Coronavirus Diagnose. COVID-19, SARS-CoV-2. Berlin 17.03.2020 Berlin Deutschland *** Presented picture Symbol photo Coronavirus Diagnosis COVID 19, SARS CoV 2 Berlin 17 03 2020 Berlin Germany Copyright: xThomasxImo/photothek.netx

Кыргызстанда 27-майга карата коронавирус дагы 376 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 238, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 66, Ош облусунда – 14, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусу – 2 адамдан илдет табылган.

“Ал эми бир сутка ичинде 386 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 271, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 67, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 2, Нарын облусу – 13, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абадда – 11 адам сакайды”, – деди Акматова.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 1, Нарын облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 614 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 11 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1108 бейтаптын абалы орто оордукта, 404 адамдын абалы оор жана 84 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 632 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 553 медкызматкер айыккан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң 583 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 97 миң 151 киши айыгып чыкса, 1 миң 781 адам каза болду.

0