Статистика: Бүгүн дагы 98 адамдан COVID-19 табылып, 51и айыкты

69

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 98 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 49, Ошто – 1, Чүй облусунда – 36, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 51 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 24, Чүй облусунда – 17, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 8 киши коронавирустан айыгып чыкты”, – деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учурлар катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 347 бейтап, амбулатордук түрдө 337 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 208 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 143 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 31 киши айыгып чыкса, 1 миң 485 адам каза болду.

0