Сокенин сокур саясаты Кыргызстан -Кытай алакасына залакасын тийгизгенби?

1507

Кыргызстан менен Кытайды илгертен достук мамиле байланыштырып турат. Коңшу мамлекет Кыргызстандын экономикасын көтөрүү багытында бир канча ири долбоорлорду ишке ашырды. Алсак, Бишкек ЖЭБи, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулушу жана Бишкек шаарынын ички көчөлөрү менен транзиттик чоң жолдорубузга чейин куруп беришти.

Кийин Атамбаев кызматтан кеткен соң, Жээнбековдун бийлиги Атамбаевге эрегишип Кытай менен болгон мамилени солгундатты. Тагыраагы, досуна таарынган Соке Бишкек ЖЭБинин курулушунан кылтак издеп, иш козгоду. Атамбаевди эле күнөөлөбөстөн, ЖЭБди курган Кытайлык ТВЕА компаниясына таш ыргытып, компаниянын өкүлү Муса Макелекке чейин сүйрөштү. Туура баамдаган жанга Соке Атамбаев менен кошо Кытайды да коррупцияга айыптаган. Ошентип ар-дайым кол сунуп келген коңшубуз Жээнбековдун учурунда артын салып, биз менен болгон алаканы кескин токтоткон.

Эгерде Токтогул ГЭСинин иши үзгүлтүккө учураган учурда Бишкек ЖЭБи электр энергиясын өндүрүү үчүн зарыл болгонун турмуш тастыктап турат.

Ал эми кечээ жакында президент Садыр Жапаров ТИМ башчысы аркылуу Кытайдын Кыргызстандагы элчисине Торугарт бажы көзөмөл пунктун ачуу тууралуу сүйлөшүүгө жиберип майнап чыкпаптыр. Кийин Жапаров өзүнүн эң ишенимдүү өкүлүн кайра элчиге жиберсе, элчи “силер кызык экенсиңер, бизден ири долбоорлор үчүн акча сурайсыңар, акча берсек биз кура албайбыз, куруп бергиле дейсиңер, акчабызды берип, куруп берсек, кайра бизди жаманатты кыласыңар, бул маселе биздин төраганын көзөмөлүндө, качан ачылаары белгисиз” деп катуу айтып узатыптыр.

Мынакей Сокенин мурдунун учунан алысты көрө албаган тескери саясатынын айынан, эки элдин мамилесине доо кетип, аксап турат. Бул нерсе биздин мамлекетке зыян гана алып келгенин убактыт таразалап койду.

ЧЫНДЫК

0