Сокенин «сок билеги» Алмамбет Салиевди жазалоо – учурдун талабы

518

Сооронбай Жээнбеков алдыны көрө билбегени, мамлекеттик деңгээлде ой жгүртө албаганы, кекчилдиги жана коррупцияга батканы менен талкуу жаратып келген. Акыры тар кызыкчылыктар менен тырышып жатып, өткөн октябрдагы окуяларда бийлигин тарттырып жиберди. Элибизди дагы үч жыл кыйнабай, кызматынан кеткени эп болду. Убагы келгенде Соке кылган иштери үчүн жоопкерчилике тартылышы ажеп эмес. Ал эми жан-жөөкөрлөрү чекесинен камалышып, “кускандары” түрмөлөрдөн бошоп чыгышууда. Эске салсак, мурдагы бийлик учурунда сот, прокуратура, дээрлик күч органдарын тейлеген Алмамбет Салиевдин эч нерсеге жооп бербей, эркиндикте тайраңдап жүргөнү таңгалдырат. Бул оён президенттик аппараттын орун басары катары ошол эле радио жыштыктагы, “Дастан” заводундагы, “Мегакомдогу, Акнеттеги” Күмтөр, ж.б. коррупциялык иштерди көзөмөлдөп, бийликтин рычагы менен маселе чечип турганы жалганбы? Сооронбай Жээнбековдун былык иштерин, финансылык купия сырларын тескегеничи? Саясий куугунтуктарды жүргүзүүгө болгон салымын кайда жашырабыз? Айтор, “терс каармандын” колу булганыч! Бүгүнкү бийлик кийинки чиновниктерге сабак болушу үчүн Алмамбет Салиевддин кылган иштерин калыстык иретинде текшертип, кылмыштары ачыкталса тезинен камака алышы зарыл. Ошондо гана башкаларга үлгү көрсөтө алабыз. Ал эми “чабактарды”, буйрук аткаргандарды жазалоо менен аброй таба албайбыз. Сокеден кийинки “сок билеги” Алмамбетти жазалоо күндүн талабына айланып турат.

Акын Бекчороев

Булак: Азия Ньюс  

0